Жылмайган, ойлонгон Садыр Жапаров. Шайлоодо алдыда келе жаткан саясатчынын сүрөттөрү
Жылмайган, ойлонгон Садыр Жапаров. Шайлоодо алдыда келе жаткан саясатчынын сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, БШКнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча Садыр Жапаров алдыда келе жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги шайлоодо көбүрөөк... 11.01.2021, Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп, БШКнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча Садыр Жапаров алдыда келе жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги шайлоодо көбүрөөк добуш топтогон талапкер тууралуу сүрөт баянын даярдады.
Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. Саясатка ал 2005-жылы аралашып, эки ирет ЖКнын депутаты болгон. Кийин ал соттолуп, 11 жыл 6 айга кесилген. Мөөнөтү бүткүчө эле, 2020-жылдын октябрь айында абактан чыгып, дароо КРдин премьер-министри, президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеген.
14-октябрда Жапаров ЖК тарабынан премьер-министрликке дайындалган. 15-октябрда ошол учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков отставкага кете турганын билдирип, анын милдеттери өкмөт башчы Садыр Жапаровго өткөн
10-январь күнү Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. БШКнын акыркы маалыматтары боюнча, Жапаров шайлоочулардын 80 пайыз добушун алып, президенттик шайлоодо алдыда келе жатат