Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. Саясатка ал 2005-жылы аралашып, эки ирет ЖКнын депутаты болгон. Кийин ал соттолуп, 11 жыл 6 айга кесилген. Мөөнөтү бүткүчө эле, 2020-жылдын октябрь айында абактан чыгып, дароо КРдин премьер-министри, президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеген.
© Фото / пресс-служба ЖК КРСадыр Жапаров саясатка 2005-жылы аттанган. Ал эки жолу (2005, 2010) Жогорку Кеңештин депутаты болгон
1/16
© Фото / пресс-служба ЖК КР
Садыр Жапаров саясатка 2005-жылы аттанган. Ал эки жолу (2005, 2010) Жогорку Кеңештин депутаты болгон
© Sputnik / Расул УсеналиевСотто отурган Жапаров. Ал кишини барымтага алган деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген
Сотто отурган Жапаров. Ал кишини барымтага алган деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген
© Фото / пресс-служба ГСИН КР2017-жылы №1 тергөө абагында жаткан учурунда кан тамырлары менен кекиртеги кесилип, ооруканага түшкөн. Кийин ал мындай кадамга өзү барганын айткан
3/16
© Фото / пресс-служба ГСИН КР
2017-жылы №1 тергөө абагында жаткан учурунда кан тамырлары менен кекиртеги кесилип, ооруканага түшкөн. Кийин ал мындай кадамга өзү барганын айткан
© © SputnikАпасына топурак салуу үчүн барган саясатчы. Анын энеси Кадича Жапарова 2019-жылдын март айында дүйнө салган
4/16
© © Sputnik
Апасына топурак салуу үчүн барган саясатчы. Анын энеси Кадича Жапарова 2019-жылдын март айында дүйнө салган
© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүү5-6-октябрдагы окуялар. Эски аянтка топтолгон тарапташтарынын так ортосундагы Жапаров
5-6-октябрдагы окуялар. Эски аянтка топтолгон тарапташтарынын так ортосундагы Жапаров
Камчыбек Ташиев менен кучакташкан Садыр Жапаров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков14-октябрда Жапаров ЖК тарабынан премьер-министрликке дайындалган. 15-октябрда ошол учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков отставкага кете турганын билдирип, анын милдеттери өкмөт башчы Садыр Жапаровго өткөн
14-октябрда Жапаров ЖК тарабынан премьер-министрликке дайындалган. 15-октябрда ошол учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков отставкага кете турганын билдирип, анын милдеттери өкмөт башчы Садыр Жапаровго өткөн
© Sputnik / Табылды Кадырбеков15-октябрдан кийин Садыр Жапаров эки тизгин бир чылбырды колуна алып, премьер-министр жана президенттин милдетин аткарып баштаган
15-октябрдан кийин Садыр Жапаров эки тизгин бир чылбырды колуна алып, премьер-министр жана президенттин милдетин аткарып баштаган
© Sputnik / Табылды КадырбековБул сүрөттө Садыр Жапаровдун оң жагындагы көз айнекчен бала анын экинчи уулу Рустам экенин көрүүгө болот. Ал баласы 2019-жылы үйлөнгөн
Бул сүрөттө Садыр Жапаровдун оң жагындагы көз айнекчен бала анын экинчи уулу Рустам экенин көрүүгө болот. Ал баласы 2019-жылы үйлөнгөн
© Sputnik / Табылды КадырбековЖээнбековдун такты өткөрүп берген күнү
Жээнбековдун такты өткөрүп берген күнү
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАта-Бейитте гүл көтөргөн Садыр Жапаров жана экс-президенттер
Ата-Бейитте гүл көтөргөн Садыр Жапаров жана экс-президенттер
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨкмөт башчы учурунда Садыр Жапаров өлкөнүн дээрлик бардык аймагын кыдырып, элдин үнүн укканга аракет кылган
Өкмөт башчы учурунда Садыр Жапаров өлкөнүн дээрлик бардык аймагын кыдырып, элдин үнүн укканга аракет кылган
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өтүп жаткан Жапаров
Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өтүп жаткан Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНоябрдын 14үндө Жапаров президенттик ыйгарым укуктарын тапшырып, премьерлик кызматын токтотту
Ноябрдын 14үндө Жапаров президенттик ыйгарым укуктарын тапшырып, премьерлик кызматын токтотту
Ал ажолукка аттанып, 17 талапкер менен ат салышкан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков10-январь күнү Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. БШКнын акыркы маалыматтары боюнча, Жапаров шайлоочулардын 80 пайыз добушун алып, президенттик шайлоодо алдыда келе жатат
10-январь күнү Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. БШКнын акыркы маалыматтары боюнча, Жапаров шайлоочулардын 80 пайыз добушун алып, президенттик шайлоодо алдыда келе жатат