Sputnik Кыргызстан таланттуу актёр туурасында сүрөт түрмөк жасады.
Дүйшөн Байдөбөтов көп жылдар бою Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенген.
Байдөбөтов чыгармачылык жолун Алай райондук элдик театрынан баштаган. Ал эми улуттук театрга 1991-жылы келген. "Мен — Тянь-Шань!" тасмасында Ильястын, "Акбаранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, соңку фильмдерде "Белгисиз маршрутта" айдоочунун ролун аткарган.
Ал эми театр сахнасында Курманбек баатырдын, Отелло, Танабай сыяктуу каармандардын образын жаратып, жаш муунга да устаттык кылган.
Актёр 2018-жылы 7-июлда дүйнө салып, 69 жашында киндик каны тамган кичи мекенинде жерге берилген.

1/17
© Фото / из семейного архива Байдоботовых
Дүйшөн Байдөбөтов жубайы Кенже Исмановага 1967-жылы баш кошуп, жубайлар 2018-жылга чейин 51 жыл бирге өмүр сүрүшкөн

2/17
© Фото / из семейного архива Байдоботовых
Дүйшөн Байдөбөтов эки уул, бир кыздын атасы болгон. Улуу баласы Бакыт Байдөбөтов кайтыш болгондон кийин актёр өзүн таштап салганын маектеринде айткан

3/17
© Фото / из семейного архива Байдоботовых
Белгилүү актёр достукка да бекем болгон. Анын уулу каза болгондон көп өтпөй досу, актёр Муканбет Токтобаев каза болгонун угуп, микроинсульт алган

4/17
© Фото / Александр Федоров
Кыргыз эл артисти, эмгек сиңирген артист Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында туулган

5/17
© Фото / Александр Федоров
Дүйшөн Байдөбөтов режиссёр Геннадий Базаровдун "Каныбек" тасмасында

6/17
© Фото / Александр Федоров
Байдөбөтов 29 жашында "Каныбекте" Түлкүбектин ролун аткарып, көрүүчүлөрдүн көзүнө дароо түшкөн

7/17
© Фото / Александр Федоров
Байдөбөтов театрдан сырткары экранда өз жүзү, өзүнө таандык чеберчилиги бар актёр болгон. 28 жашында КРдин эмгек сиңирген артисти, ал эми 38 жашында КРдин эл артисти наамын алганын эскерген жайы бар

8/17
© Фото / Александр Федоров
Георгий Николаенконун "Токтогул" (Кербез) тасмасында Токтогулдун ролун ойногон

1989-жыл. Байдөбөтов атактуу акын Токтогулдун образын 40 жашында аткарган

10/17
© Фото / Александр Федоров
Актёр атактуу ырчынын ролун миң толгонуп, бир түйшөлүп жатып жараткан экен. Токтогулдун Ата журттан алыска айдалгандагы азабын, жакындарын сагынуунун күчүн, жакындарынан айрылгандагы арманын ойноп, жеткирүү чебердин чеберинин гана колунан келсе керек

11/17
© Фото / Александр Федоров
Режиссёр Артык Сүйүндүков тарткан "Кошокчу" тасмасында НКВД начальнигинин ролун ойногон. 1991-жыл

12/17
© Фото / Александр Федоров
"Кошокчу" фильминде Байдөбөтов ошентип 37-жылдардагы кандуу репрессиянын өкүлүнүн, терс каармандын образын жараткан

Дооронбек Садырбаевдин "Акбаранын көз жашы" кинофильминдеги Базарбай жана бөлтүрүк

14/17
© Фото / Александр Федоров
"Ничего подобного!". "Акбаранын көз жашындагы" Базарбайдын төл сөзү. Айтмакчы, Байдөбөтов алгач Бостондун ролуна бекип, кийин капыстан Базарбайдын образын жаратып калганын айтып бергени бар

15/17
© Фото / Александр Федоров
Ролдун жаманы болбойт. Базарбай — мен үчүн кымбат киши. Анын да өз чындыгы бар болчу. Аны айрымдары терс каарман десе, алар менен макул болбой, талаша берчүмүн", — деген Байдөбөтов.

16/17
© Фото / Александр Федоров
Байдөбөтов кесиптештери, шакирттери жана замандаштары менен

Кыргыз эл артисти жана эмгек сиңирген артист, устат, кыргыздын көркөм өнөрүнүн өкүлдөрүнүн бири, таланттуу инсан Дүйшөнбек Байдөбөтов 2018-жылдын 7-июлунда 69 жашында дүйнө салган.
