00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:07
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

УКМК Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш ишин козгоду

Жазылуу
Калиеванын коррупциялык ишке аралашканы туурасында айныгыс далилдер алынганы айтылат. УКМК учурда Тартип комиссиясынын макулдугун күтүп жатат.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Атайын кызмат "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча Жогорку соттун кызмат адамдарына карата сотко чейинки өндүрүш ачылганын белгилейт.

"Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында бул ишке Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева аралашканы туурасында айныгыс далилдер алынды. Буга байланыштуу аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү үчүн Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына сунуштама киргизүү боюнча Башкы прокуратурага өтүнүч келтирилди. Эгер макулдук берилсе Калиева кылмыш жоопкерчилигине тартылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, УКМК төрагасы эки күн мурун маалымат жыйында Жогорку соттун төрайымы жакында кармала турганын айткан.

Ошол эле күнү Жогорку сот "Гүлбара Калиеванын аталган ишке тиешеси жок" деген билдирүү тараткан.

Шубасы 5000, өтүгү 1000 доллар. Ташиевдин сотторго тиш кайраган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Шубасы 5000, өтүгү 1000 доллар. Ташиевдин сотторго тиш кайраган видеосу
Андан соң Судьялар кеңеши президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго ачык кат жолдоп, "соңку окуялар укук коргоо органдарынын жашыруун кысым көрсөтүүсүнүн далили" экенин айтышкан. Ошондой эле күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш ишинин негизги принциптеринин бири болуп саналарын эскерткен.

Деген менен УКМК бийликтин бир бутагы болгон Жогорку сот менен Судьялар кеңеши позициясын алдын ала аныктап жана бир жактуу позицияны көрсөтүп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Ошону менен катар Конституцияга ылайык, мыйзам жана сот алдында баары бирдей экенин эске салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0