00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Закон о ВИЭ меняется: чьи интересы будут учтены - КР или инвесторов?
08:04
42 мин
Ежедневные новости
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Көчөттөрдүн импорту жана экспорту: ЕАЭБде фитосанитардык көзөмөл күчөтүлүүдө
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окумуштуулар министрликке карагананы эрозияга учураган жерлерге көчүрүп, төө багууну сунушташты
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шубасы 5000, өтүгү 1000 доллар. Ташиевдин сотторго тиш кайраган видеосу

Жазылуу
Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Sputnik Кыргызстан анда айтылган негизги билдирүүлөрдү окурмандарга сунуштайт.

УКМК төрагасы сотторго катуу тиш кайрап, баасы асман чапчыган автоунааларды жана хан сарайларды кайсы акчасына алганын териштире турганын билдирди.

"Жогорку сотто 35 судья бар экен. Баары Lexus LX570, Mercedes-Benz, Gelandewagen минип жүрүшөт. Эки күн мурда Жогорку соттун бир судьясы үй-бүлөсүн алып Дубайга учуп кетиптир. Бул эмне деген акмакчылык! Кечээ мен ал сотко териштирүүнү дайындадым. Дубайга төрт адамдын эс алып келгенин эсептесек 15-20 миң доллар экен, ал акчаны кайдан алды? Соттун кийген бир шубасы эле 5000, өтүгү 1000 доллар турат. Минген машинасы 100 миң доллар турат, жашаган үйү миллион долларлык. Андан сырткары, шаарда квартираларды алып койгон. Мына, кечээ кармалган сотубуздун 20 квартирасы бар экен. Бул эмне деген акмакчылык!" — деди Ташиев.

Райымбек Матраимов кармалышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ташиев Райым Матраимов 2 млрд. сомду кандай жол менен кайтарганын айтты
Төраганын айтымында, сотторду тартипке келтирмейин коом оңолбойт. Ошондой эле ал аткаминерлерди декларациясына эмнени жазса дал ошондо жашай тургандай кыларын белгиледи.

Мындан сырткары, УКМК төрагасы баалуу мүлктөрүн туугандарына каттатып койгон мамлекеттик кызматкерлер менен Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, өз жолу менен жашашы керектигин эскертти.

УКМК төрагасы криминалдык топтордун лидерин ооздуктагандан кийин спортчулардын тобу баш көтөрүп чыкканына токтолду.

"Урматтуу спортчулар, мен сиздерге дагы кайрылам, кандайдыр бир криминалдык иштерге аралашпай, бирөөлөргө басым кылбай, өлкөнүн желегин дүйнөгө желбиретишиңер керек. Эгер мыйзам бузса, спортчу болобу, атактуулугу барбы, бирөөнүн тууганыбы, карап отурбайбыз", — деди Ташиев.

УКМК төрагасынын маалымат жыйынын толугу менен Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн түз эфирдин видеосунан көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0