Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Медицина илимдеринин доктору, академик, ортопед Сабырбек Жумабеков менен май тамандуулук боюнча маек курган.
— Май тамандуулук деген эмне?
— Буттун таманы жалпайгандыкты кыргызча май таман, жалпак бут деп коёт. Май тамандуулук негизинен экиге бөлүнөт. Биринчиси укумдан-тукумга генетикалык жол менен берилет. Бизге мындай илдеттен жабыркаган жаш балдарды алып келишкенде ата-энесинде, ата-тегинде болгон же болбогондугун сураштырабыз. Негизинен бут сөөктүн деформацияланышы — май тамандуулук деп аталат. Ошондой эле жалган жалпак таман да бар. Мында көбүнчө энесинин сүтү тоюмдуу жана майлуу болгондо бала болпоюп, борпоң болот. Ушундай наристелердин тамандарын май басып калгандыктан жалпак көрүнөт. Ошондон улам адашып калууга болот. Дагы бир учур, адам ар кандай оорулардын кесепетинен кийинчерээк гана май тамандуулукка чалдыгып калышы мүмкүн. Көбүнчө бутту кокустатып алганда, бийиктиктен секиргенде, автоунаадан кырсыктаганда бутта сыныктар пайда болуп, кийин ал сөөктөр түз болуп өсүп калгандыктан тамандын жалпак болушуна алып келет. Муну жаракаттан кийинки май тамандуулук деп атайбыз. Ошондой эле неврологиялык илдеттер менен ооругандарда да муундардын өзгөрүшүнөн тамандар жалпак тартып кетет.
— Илдетти кантип аныктаса болот?
— Май таманды бир көз жүгүрткөндө эле билип койсо болот. Буттун артынан жана астынан караганда вальгустук деформацияга кетип калат (буттун, тамандын сөөктөрүнүн бузулушу). Анан, албетте, рентген, компьютердик томографиянын жардамы менен да каралат.
— Дарылоо ыкмасы кандай?
— Май тамандуулукту сөзсүз түрдө ортопеддерге көрсөтүү керек. Кичинесинен эле баланын буттарын укалап, ар кандай көнүгүүлөрдү жасаган оң. Атайын ортопедиялык бут кийимдерди да кийгизүү зарыл. Бишкекте ортопедиялык завод да бар. Же ошол жерге барып, атайын буюртма менен тиктирсе болот. Муну менен бирге дене көнүгүүлөрүн жасоо да зарыл. Ал үчүн кадимки үбөлүктүн өлчөмүндөй темир түтүкчө жасап алып, бала отурганда бутуна коюп же анын үстүнө бастырып, таман менен ары-бери тоголоттурган көнүгүүнү күнүнө жасап турса, бир аз болсо да тамандын жакшырышына алып келет. Болбосо сөөктүн бузулушу андан ары да өрчүп кетиши мүмкүн.
— Кандай кесепети бар?
— Дарылоого убагында киришпесе бут жалпайып кете берет. Ал барган сайын сөөктөрдүн жана муундардын кыйшайып, бузулуп өсүшүн шарттап, ушундан улам бут оорукчан боло баштайт. Адам эртелеп артрозго кабылып, басышы, отуруп-турушу кыйындайт.
— Май таманды дарылоодо дары-дармек ичүүгө болобу?
— Операция да жасоого туура келген учурлар болот да?
— Ооба, өрчүп кетсе 12 жаштан өйдө операция жасоого туура келет. Бирок бизге жалпак таманды операция жасатууга келгендер жокко эсе. Май тамандуулук да бирден төрткө чейинки деңгээл менен аныкталат. Акыркы деңгээлинде операция жасап, сөөктөрдү бири-бирине бириктирип койгондо ооруганы кетет. Негизинен азиат тектүүлөр, биз, май тамандуулукка жакынбыз, себеби генетикабызда бар. Ошондуктан жаш балдар арасында тубаса жалпак тамандуулук барган сайын көбөйүп баратат.
— Акыркы кезде бөбөктөр арасында сөөк ооруларынын кандай түрлөрү кездешүүдө?
— 1990-жылдардан кийин оор мезгил болгон. Эл эптеп курсак тойгузуу менен алектенип калган учур. Ошондогу төрөлгөн балдар азыр 30 жашка келип калды. Жакшы, толук тамактанбаган энеден оорулуу балдар төрөлөт. Анемия, урогениталдык инфекциялар көп кездешет. Ал эми ортопедиялык жактан айтсам, жамбаш сөөктөрдүн чыгып кетиши, моюндун, омурткалардын кыйшык төрөлүшү жана толук бүтпөй калышы арбын кездешүүдө. Мындан тышкары, тубаса шал оорусу менен балдар жарыкка көп келип жатат. Ошондой эле төрөт убагында ымыркай гипоксияга кабылып, кислород жетпей мээ шишип кеткен учурлар бар.
—Бүгүнкү күндө ортопедиялык жактан операция жасоо канчалык деңгээлде өнүккөн?