Австриядагы пульмонолог Эгемназаров: КРдеги медиктер менен сыймыктануу керек

© Фото / из личного архива Бакытбека ЭгемназароваАвстриянын Людвиг Больцман атындагы илим-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Бакытбек Эгемназаров жубайы менен
Австриянын Людвиг Больцман атындагы илим-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Бакытбек Эгемназаров жубайы менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакытбек Эгемназаров Австриянын Людвиг Больцман атындагы илим-изилдөө институтунун улук илимий кызматкери болуп эмгектенет. Медицина тармагына 20 жылдык эмгегин арнаган мекендешибизди Европага илимге болгон кызыгуу алып барган.

Ал алгач Германияда, АКШда болуп, учурда Австрияда илимий иши менен бейтаптарды дарылоо жагын айкалыштырып иштөөдө. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бактыбек Эгемназаров менен медицина жаатында баарлашкан.

— Австрияга кандайча барып калдыңыз эле?

— Кыргызстандан медициналык академияны бүткөн соң "XXI кылымдын кадрлары" программасынын негизинде Германияга илимий иштер менен келгем. Ага немец тилин билгендигим да кошумча болуп кетти. Ошол жерден кандидаттыгымды жактадым. Кийин илимий ишимдин аркасынан Австрияга бардым. Бул жерден илим-изилдөө институтунда эле эмес, клиникада врач болуп да иштеп жатам. Максатым илимий иш менен бейтаптарды дарылоо жагын айкалыштыруу эле.

— Тилди кандайча үйрөндүңүз?

— Мен мектептен эле немец тилин окугам. Медакадемияда окуп жатканда да ушул тилди үйрөндүм. Бирок азыр жаш кесиптештериме англис тилин үйрөнгүлө деген кеңеш берет элем. Анткени бүт дүйнө жүзү илимий иштерди англис тилинде жазат, акыркы маалыматтар жана жаңы илимий ачылыштар менен таанышуу үчүн  англис тили керек.

— Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

— Атам юрист, апам Оштогу экономикалык колледжде окутуучу болуп эмгектенген. Азыр Ош шаарына жакын Учар айылында жашашат. Мен өзүм кичинемден эле врач болууну каалаган элем. Студенттик жылдарда көптөгөн студенттик-илимий конференцияларга катыштым. Ата-энем дайыма моралдык дагы, материалдык жактан да мени колдоп келген. Абдан ыраазымын. Алардын жардамы менен бардык убактымды жалаң билим алууга арнадым. Азыр үй-бүлөм менен Австриянын Грац шаарында жашайм. Бул абдан кооз жана тарыхый шаар. Борборунан агып өткөн дарыясы мага Ошту элестете берет. Дагы бир жаккан жери Грацта велосипед инфраструктурасы абдан өнүккөн. Мындан улам аба да таза. Адамдар жумушка көбүнчө велосипед менен барышат. Жубайымдын кесиби да медик. Экөөбүз бир уул, бир кыздын ата-энесибиз. Уулум технологиялык университеттин студенти. Кызым мектепте окуйт.

© Фото / из личного архива Бакытбека ЭгемназароваБакытбек Эгемназаров: Кыргызстандан медициналык академияны бүткөн соң "XXI кылымдын кадрлары" программасынын негизинде Германияга илимий иштер менен келгем. Ага немец тилин билгендигим да кошумча болуп кетти. Ошол жерден кандидаттыгымды жактадым. Кийин илимий ишимдин аркасынан Австрияга бардым. Бул жерден илим-изилдөө институтунда эле эмес, клиникада врач болуп да иштеп жатам.
Австриядагы пульмонолог Эгемназаров: КРдеги медиктер менен сыймыктануу керек - Sputnik Кыргызстан
Бакытбек Эгемназаров: Кыргызстандан медициналык академияны бүткөн соң "XXI кылымдын кадрлары" программасынын негизинде Германияга илимий иштер менен келгем. Ага немец тилин билгендигим да кошумча болуп кетти. Ошол жерден кандидаттыгымды жактадым. Кийин илимий ишимдин аркасынан Австрияга бардым. Бул жерден илим-изилдөө институтунда эле эмес, клиникада врач болуп да иштеп жатам.

— Адистигиңиз медицинанын кайсы тармагына тийиштүү?

— Кыргызстанда кардиология адистигине ээ болгом. Бирок илимий ишим пульмонология менен кардиологиянын ортосундагы жасалып жаткан иштерге байланыштуу өпкө гипертониясы боюнча. Азыр медицинага кайтып келип, пульмонология тармагында эле иштеп жатам. Кыргызстанда бул тема боюнча кардиологдор иштейт, бул жакта пульмонологдор карайт. Негизи бул тармакты тандоомо студент кезимде профессор агайымдын кеңеши себеп болгон. Анткени Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан бул тармактын изилдөөчү тарабы көп.

— Кыргызстандагы медицинанын кадрдык абалы менен да таанышсызбы?

Художник Азизбек Сулайманов  - Sputnik Кыргызстан
Эмгектери Лондондун галереяларында турат. Художник Сулайманов менен маек
— Кесиптештерди абдан сыйлайм. Себеби ушундай шартта иштөөнүн өзү кыйын. Мекенде иштеп жаткан досторум жана кесиптештер менен дайыма кабарлашып турам. Алар дүйнөлүк деңгээлдеги, улам өнүгүп жаткан медицина илиминен артта калбоого аракет жасап, ошонун негизинде бейтаптарды дарылашууда. Мындай врачтар менен сыймыктануу гана керек. Кыргызстанда жалпысынан медиктерди агартуу деңгээли акыркы мезгилде, тилекке каршы, төмөндөп кетти. Австрия менен Кыргызстандын медицинасын жана медиктердин бардык шартын салыштырууга болбойт. Австрияда дарыгерлердин кызыкчылыгын коргогон профсоюздук уюмдар аябай күчтүү. Жумуш берүүчүлөр тарабынан дарыгерлердин укугу тебеленип же акчасы берилбей калбайт. Мисалы, карантин убагында медицина кызматкерлерине өзгөчө шарт түзүлдү. Ошондой эле жумуш көбөйгөнгө байланыштуу кошумча бөлүнгөн акчаны өз убагында төлөп берди. Бул профсоюздардын жетишкендиги.

— Биздин медиктердин айлыгы аз, билимин жогорулатууга чама-чаркы келбей жатса керек?

— Туура, адамдын биринчи курсагы тоюшу керек, анан барып башка нерселерди ойлонот. Австрияда деле врачтар бай эмес. Бирок айлыгы ортодон жогору деп эсептелет. Ошол себептен алар дайыма окуп, билимин өстүрүп турууга каражаты жетет. Бул жакта дарыгерлер жылына бир-эки жолу сөзсүз илимий конференцияга барып, жаңы медициналык китептерди, журналдарды алып окуп турушу зарыл. Медицина күндөн-күнгө өнүгүүдө. Кыргызстанда да медиктер агымдан артта калбоого аракеттенгени жакшы. Албетте, бул жагы келип эле каржы маселесине такалууда. Бизде жарандардын медициналык камсыздандырууга төлөгөн акчасы бир же эки пайызга да жетпейт болушу керек. Австрияда бир адам медициналык камсыздандырууга маянасынан 10 пайызга жакын акчсын төлөйт. Башкача айтканда, 2000 евро айлык алган австриялыктын 200 евросу медицинага кетет. Ал эми ал иштеген жердин ээси да ал адам үчүн мамлекетке 10 пайыз кошуп берет. Ошондо бир адам ай сайын медициналык камсыздандырууга 400 евро төгүп берип жатат. Бир үйдө үч киши жашап, бирөө эле иштесе да ар бир үй-бүлө мүчөсүнө айына 130 евродон төлөнүүдө.

© Фото / из личного архива Бакытбека ЭгемназароваДарыгер Эгемназаров: Азыр үй-бүлөм менен Австриянын Грац шаарында жашайм. Бул абдан кооз жана тарыхый шаар. Борборунан агып өткөн дарыясы мага Ошту элестете берет.
Австриядагы пульмонолог Эгемназаров: КРдеги медиктер менен сыймыктануу керек - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер Эгемназаров: Азыр үй-бүлөм менен Австриянын Грац шаарында жашайм. Бул абдан кооз жана тарыхый шаар. Борборунан агып өткөн дарыясы мага Ошту элестете берет.

— Акыркы он жылда Кыргызстандан мыкты адистер сыртка кетип калышты. Дагы да кетип жатышат. Бул абдан өкүнүчтүү...

Түркияда медициналык туризм боюнча компания негиздеген Лира Жолчиева  - Sputnik Кыргызстан
Түркияда дарыланууга муктаж кыргызстандыктарга жардамдашабыз. Ишкер Лиранын маеги
— Ооба, врачтардын кетишинин бир нече себеби бар. Биринчи эле себеби, албетте, акча. Жетпей жатса, жок дегенде билимине, иштеген ишине тете акча табайын деп кетүүгө аргасыз болот. Экинчиден, билим алып, деңгээлин өстүрүү да буга себеп. Бул бир эсе жакшы нерсе. Адам бир жерде турбай, дайыма окуп, аракетте болушу абзел. Кыргызстанда медицина тармагынын чечүүчү кызматтарына акча берүү менен тажрыйбасы жок эле адамдар отуруп калды. Алардын жүргүзгөн саясаты менен макул болбогон мыкты адистер өлкөдөн кетүүгө аргасыз болот. Анткени иш жүрбөй калат же өнүгүү болбойт. Бул чоң көйгөйгө айланды. Мисалы, бейтапты ИВЛ менен сактап калуу үчүн кандагы газдарды газоанализатор менен текшерүү аябай зарыл. Менин билгеним боюнча, пандемия маалында бир нече ооруканада аппарат бар болсо да мындай анализ жасалган эмес. Жаш кесиптештер бул анализдин маанисин да түшүнбөйт экен. Мунун өзү медициналык башкармалыктын ишин чала аткаргандыгынан кабар берет. Демек, алар колунда болгон аппараттарды толук ишке киргизип, жаш адистерди окутуп-үйрөтүүнү колго алышкан эмес. Мындай шартта өнүгүп-өсүүнү калаган жаштар, албетте, кеткенге аракеттенет.

— Пандемия күчөп турган маалда Кыргызстанга да көз салып турсаңыздар керек?

— Кыргызстанда акыркы жылдарда көзгө илинбей жаткан көйгөйлөр, жасалбай келген маселелер пандемияда ачыкталып калды. Ушуга чейин жугуштуу оорулар тармагына көп көңүл бурулбай, ооруканада кадрлар жана койкалар кыскартылып келген.

— Сиздер элге кандай жардам бере алдыңыздар?

— Чет жакта иштеген медиктер колдон келишинче жардам беришти. Менин билишимче, көп адамдар мекенге акча салып жатышты. Көбүнчө бул жактан эле бейтаптарга онлайн-консультация берип иштешти. Германиядагы кесиптештер да кыргызстандык ыктыярчылар менен биргеликте абдан чоң иштерди жүргүзүшкөнүн көрдүм. Негизи чет жакта жүргөн биздин врачтар аябай чоң ресурс. Муну мамлекет туура колдонсо өлкөгө аябагандай чоң пайда алып келмек. Кыргызстандын медицинасын тезинен реформалоо керек. Чет жакта эң алдыңкы мыкты клиникада иштеп жаткан кесиптештер бар. Алар жергиликтүү медиктер менен тажрыйбасынан бөлүшүп, окута алат. Реформа жасала турган болсо, көз карандысыз эксперт катары да келе алабыз. Азыр деле Кыргызстандагы кесиптештердин квалификациясын жогорулатуу максатында онлайн-окутуу иштерин жүргүзүп келебиз.

© Фото / из личного архива Бакытбека ЭгемназароваЭгемназаров: Кыргызстанда акыркы жылдарда көзгө илинбей жаткан көйгөйлөр, жасалбай келген маселелер пандемияда ачыкталып калды. Ушуга чейин жугуштуу оорулар тармагына көп көңүл бурулбай, ооруканада кадрлар жана койкалар кыскартылып келген.
Австриядагы пульмонолог Эгемназаров: КРдеги медиктер менен сыймыктануу керек - Sputnik Кыргызстан
Эгемназаров: Кыргызстанда акыркы жылдарда көзгө илинбей жаткан көйгөйлөр, жасалбай келген маселелер пандемияда ачыкталып калды. Ушуга чейин жугуштуу оорулар тармагына көп көңүл бурулбай, ооруканада кадрлар жана койкалар кыскартылып келген.

— Мындан ары башка тумоолордой эле коронавирус да адамзат менен жашап калары айтылууда. Сиздин пикир кандай?

— Биздин илимий институт азыр коронавируска байланыштуу бир-эки изилдөөнү карап жатышат. Бирок аны азыр коомчулукка жарыялоо эрте. Негизи вирустардын тарыхын карай келсек, башында адамды кырып жаткан эпидемиялар бара-бара организмди жөн эле оорутуп тим болгон вируска айланып калышкан. Оорулардын тарыхында ушундай эволюция кезигет. Коронавирус деле ошондой окуянын бири болушу мүмкүн. Азыр адамдын үшүн алган эпидемия болуп жатат. Аны келечек көрсөтөт. Азыр медицина жакшы өнүккөн, дүйнөдө бардык шартка туура келген вакцина ойлоп табылгандан кийин бул деле коркунучтуу болбой калат. Негизи коронавирус коомдук жайда гигиенаны сактап жүрүүгө сабак болушу керек.

— Кыргызстанга кайтып келүүнү ойлойсуздарбы?

— Өлкөдөн чыгып кеткен жарандардын баарынын эле ою бир. Кыргызстан бир аз оңолсо эле мекенге кайра кайтып келүүнү ойлошот. Кудай буюрса, бир күнү кайтарбыз. Азырынча алыстан болсо да кайрылган бейтаптарга консультация беребиз, коллегалар менен чогуу бир нече иш жүргүзүп жатабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0