Баткенде шахтага түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Эмиль СадыровБаткендин Сүлүктү шаарында шахта. Архив
Баткендин Сүлүктү шаарында шахта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан эки күн мурда Сүлүктү шаарында "Ашымбай" (ЖЧК) шахтасы урап, ичинде бир киши калып калган. Аны издөөгө бир нече адам тартылган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Баткенде шахтага түшүп кеткен кишинин сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Эске салсак, 22-декабрь күнү эртең менен Баткендин Сүлүктү шаарында "Ашымбай" (ЖЧК) шахтасы урап, ичинде бир киши калып калган. Ал 37 жашта экени кийинчерээк такталган.

23-декабрь күнү кырсык болгон жерге 16 куткаруучу, ИИМден алты кызматкери жана 20 шахта кызматкери издөө иш-чараларын жүргүзгөн. Алар кишинин сөөгүн алып чыгышып, укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0