Анын классикага айланган "Нарындан жазган салам кат", "Жылкычынын ыры" өңдүү ырларынан тышкары "Карагул ботом" дастанын өз вариантында иштеп чыккандыгы маалым.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы залкардын туягы, небереси Азиз Бөлөкбаев менен маек даярдаган.
— Айталиев дегенде кыргыз-казакка бирдей таанылган төкмө акынды билебиз. Жакындары үчүн чоң жоопкерчилик болсо керек?
— Чынын айтканда, казак-кыргызга, Борбордук Азия элдерине таанымал төкмө акындын небереси болуу — бул өзүнчө вазыйпа. Себеби кайсы жерге барбайлы, "Айталиевдин небереси, балдары" деген сый-урматты сезип турабыз. Ал эмес биздин айылдыктар да башка жакка барганда "Ашыраалы Айталиевдин айылынанбыз" деп сыймыктануу менен айтышарын угуп калам. Бул биз үчүн сыймык. Ушундай адамдын небереси атыкканыбызга сүйүнөбүз.
— Чоң атаңыздын балалыгы кандай өткөндүгү тууралуу атаңыздан деле угуп калсаңыз керек?
— Ооба, өзүмдүн атамдан эле эмес, айылдагы аксакалдардан да уккан жайым бар. Анын үстүнө 8-мартка жакын, туулган күнүн утурлай чоң атама арналган берүүлөр көп болот. Ал берүүлөрдөн да кызыктуу маалыматтарды алгам. Бир ирет "Московский комсомолец" гезитинен атам тууралуу окуп "чоң атамдын чыгармачылыгына орус улутундагылар да кызыгып, билет экен да" деп таң калгам. Маалыматтар көп жерден чыгат. Эми атам тууралуу айтсак, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Жайылма деген айыл бар. Өзү да ырларында "Чыккан жерим Жайылма, жүгүрүп чыктым тайымда" деп айтып жатпайбы. Биздин айылга жанаша Осмонкул Бөлөбалаевдин кичи мекени Чоң-Далы айылы жайгашкан. Жайылма менен Чоң-Далынын ортосун бир кичинекей эле суу бөлүп турат. Негизи Нооруз суусунун касиетиби, бул жерден көп белгилүү адамдар чыккан.
— Адатта акындар ата-тегинде манасчылык, төкмөлүк, жамакчылык өңдүү касиет болгонун айтышат...
— Сабыркүл чоң апабыз кошокчу, жамакчы аял болгон экен. Чоң апабыздын үнү дагы шаңкылдап, ачык чыккандыктан маркумду узатууда суранып ага атайын кошок коштурушчу дешет. Мүмкүн ошол энесинин таасири да болгондур. Ал эми акындык өнөрдө жол көрсөткөн Осмонкул Бөлөбалаев болгон. Өзү деле ырында "Осмонкул деген ким эле? Оодарылбас, чайпалбас океан болчу тимеле" деп сүрөттөп жатпайбы.
— Бала чакты улай эле чоң атаңыздын сүйүү баяндарынан уккандарыңыз бардыр?
— Атамдын классикага арналган ырлары негизинен сүйүү темасында болгон да. "Нарындан жазган салам кат", "Жылкычынын ыры", "Ырыскан" деген ырларын карасаңыз, бардык жеринде сүйүү саптары камтылган. Мисалы, "Нарындан жазган салам катты" деле буфетчи кыздарга арнап жатпайбы.
— "Ашыке "Карагул ботомду" айтканда ыйлабаган адам калчу эмес" деп угуп калдым эле. Ал дастанды акындык өнөргө салып иштеп чыккандыктан бир жерде ырдаганы экинчисине окшошчу эмес, канча кааласа ошончо төкчү дешет...
— Чоң атам түштүктөгү Саламалик деген айылга барып калат. Ал жактан атамды жакшы коноктошуп, раистин үйүндө отурушат. Меймандап жаткан айыл башчысы сөз арасында "Ашыке, "Карагул ботом" дастанын айтып бербейсизби?" деп сурана кетет. Негизи чыгарманын өзөгүн билгени менен чоң атам дастандын сөзүн толук билчү эмес экен. Анан билбейм деп айтуудан да уялыптыр. Ошентип комузун алып, өз сөзү менен ошол жерден дастанды төгөт. Бир убакта эле "Карагул ботомдун" кульминациясын ырдап жатып, көзүн ачып караса, баягы башкарма, жубайы, туугандары менен аябай бышактап ыйлап жатышкан көрөт. Көрсө, ал кишинин бир ай мурда эле жалгыз баласы каза болуп калган экен.
— Мурунку артисттер элди көп аралап концерт коюшчу да. Анан ошондой концерттердин биринде куудул Асанкул Шаршенов да атамды тамашалаган жайы бар. Мурда дастан, эпосторду, бир саатка жакын айтышчу экен. Уркаш Мамбеталиев манас айтканда да Асанкул куудул "эми Тайторуну сахнанын аркы бурчунан эле бери кое бер, биз да эртерээк чыгалы сахнага" деп тамашалачу экен. Ошентип чоң атам да бир концертте "Карагул ботом" дастанын илхамы келип, көпкө чейин ырдап, элди да ыйлатат. Кыш маалы, эшик суук. Анан сахнанын артында кезегин күтүп тургандар "ой, бол дегилечи, ушинтип тура беребизби" деп калышат. Анда Асанкул куудул "Ашыкем бүгүн мылтыгын үйгө унутуп коюп, Карагулду муунтуп өлтүрө албай жатпайбы" деген тура (күлүп). Негизинен атабыз "Карагул ботом", "Аксаткын менен Кулмырза" өңдүү бир топ дастандарды кайрадан иштеп чыккан десек болот.
— Чыгармачыл адамдар бир аз чыргоо кыял келет дешет. Мүнөзү кандай эле?
— Мен азыр 37 жашка чыктым. Биз бала кезден айылда өстүк. Чоң атамдар шаарда турушту. Албетте, жамандык-жакшылыкта айылга барышчу. Концерт, мааракелери болгондо биз келип турчубуз. Чыргоо мүнөз деп айтып калдыңыз. Эсимде, 2008-жылы чоң атам каза болгондо азыркы Опера жана балет театрынын алдында өткөн коштошуу зыйнатында төкмө акын Тууганбай Абдиев "Ашыкемдин кыялы кырс эле, жакпаган кишисин бетине эле айтчу" деп айткан эле. Ар бир адамдын жакшы-жаман жагы болгондой эле чоң атамдын да жакшы, жумшак мүнөзү болгон. Ак көңүлдүгү бар болчу.
— Кыргыз-казак акындарынын ортосунда баркы, зоболосу бар залкар эле. Достору да көп болсо керек. Сиз ошо чоң атаңыз менен бирге жүргөндөрдүн оозунан ал киши жөнүндө сурап, уга алдыңызбы?
— Чоң атамдын да өзүнүн китеп текчеси бар эле. Ошолордун арасында казакча китеп-журналдар да көп. Көрсө, жаңы чыккан журналдардан атама да жиберип турушчу экен. Негизи устаты Осмонкул Бөлөбалаевдин апасы казак кызы болгон. Атам ал кишини ээрчип жүрүп казакча да эркин төгүп ырдачу. Комуздан мурда домбураны үйрөнгөн экен. Мухтар Шаханов баштаган бир катар казак акын-жазуучулары менен достук мамиледе болгон. Казакстанга да айтыштарга көп барчу. Бирок анын көбү сакталып калбаптыр. Атамдын ырларын казакча которушуп, ансамблдин коштоосунда аткарып жүрүшөт.
— Чоң атаңыздын эл билбеген таланты бар беле?
— Атамдын шаардагы үйүндө өзүнүн фотоаппараты бар. Ал киши төкмөлүктөн тышкары сүрөт тартканга да кызыкчу. Жаратылыш койнуна барганда, эшикте, шаар аралап жүргөн убактарында акырын "чырк" эттирип сүрөткө тартып алчу экен. Ошондой эле чоң атам тарткан үй-бүлөлүк сүрөттөрүбүз да бар. Тааныгандардан сураштырып көрсөм, кичинесинен футбол ойногонду жакшы көрүптүр. Кийин бильярдды да жакшы ойночу. Жаныбарларга абдан жакын эле. Бир кызык окуясы бар.
Анан бир жолу чоң атам ооруп калып, Миррахимовдун ооруканасына жатып дарыланат. Үйүнө кийим-кечесин которуп келейин деп бир-эки күнгө суранып келип, эки күндөн кийин такси менен ооруканага кетсе ити да артынан жөө ээрчип келиптир. Анан оорукананы айланып чоң атамды көпкө издегенин айта берчү. Мен билгенден жылкы баласын да абдан жакшы көрөр эле.
— Бул кишинин обончулугун айтпасак болбостур...
— Атам Осмонкул Бөлөбалаев, Токтосун Шабданбаев, Ысмайыл Борончиевдер менен чогуу жүргөн экен. "Күлүктү күлүк көрсө төрт аягы тыбырайт" деген сөз бар эмеспи. Акындык өнөр дагы бири-бирин көрүп таасирленип, алым-сабак айтышкандан да курчуп, изденүү менен уланат да. Ошондуктан убагында жашы улуу таланттардын кимиси менен аралашып жүрсө, аны устат деп айтууга болсо керек деп ойлойм. Анан атамдын дагы бир улуу өнөрү — бул обончулугу. Ал жагынан багыт көрсөткөн адам Жумамүдүн Шералиев болгон. Ал киши атама "сенде ушундай өнөр бар, байкап көрсөңчү" деп насаат айткан экен. 600гө жакын мыкты обон жараткан Жумамүдүн Шералиев өз кезегинде атамдын дараметин байкаса керек.
— Эл арасында жүргөн белгилүү адамдардын жеке жашоосу карапайым элге дайым кызык болуп келген да. Үйдө кандай эле?
— Мен студент кезде учурашып барып калганда тарых боюнча ар кайсы суроолорду берип, тамашалап турчу. Анан аябай кыялкеч болчу дешет. Өзүнүн туулган күнү 8-март да. Чоң апамдын айтымында, эртең менен туруп гүл сатып келип айымдардын эл аралык күнү менен куттуктап, байбичеси тургуча "кой, аялдардын майрамы болсо" деп тамак жасай койчу. "Тамакка да чыгармачылык менен мамиле кылуу керек. Жүрөгүң менен берилип жасаш керек" деп палоону сонун басканын айтышат. Романтик да болуптур.
— Шакирттери тууралуу билесизби?
— Баягы бир кезде төкмөлүк өнөр кыргызда ушул төрт акын менен эле токтоп калабы деген кооптонуу болбоду беле. Ошондо, чоң апамдын айтымында, чоң атам күндүр-түндүр ойлонуп, түйшөлгөн экен. Андан кийин "Айтыш" коому түзүлгөндө болгон-билгенин акын балдарына калтыруу үчүн убактысынын көбүн шакирттерине бөлүптүр. Анда да аймактардан чогултуп келген азыркы акындарга кадимкидей сабак өтүшчү экен. Кийин чоң атамдын үйүнө барып калганда көп акындар менен учурашып калдым. Ошол эле Элмирбек Иманалиев, Амантай Кутманалиев, Жеңишбек Жумакадыр баштаган таланттын баары менен эле көрүшүп калчубуз. Азыр уучубуз кур эмес, Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Замирбек Үсөнбаевдин шакирттери үзүлгөндү улап, бүгүн төкмөлүк өнөрдү аркалагандар дагы да чыгууда. Ошондой эле чоң атамдан төкмө акындар эле эмес, фольклордук жанрда ырдаган, дастан айткан белгилүү ырчылар да келип сабак алып турушкан.