Якутияда "акылдуу айыл" пайда болду

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүЯкутск шаары. Архив
Якутск шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Якутиянын министрлигинен "Акылдуу айылдагы" иштер эл жашаган жайларды майнаптуу башкарууга көмөкчү болот деп эсептерин билдиришти.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Саха (Якутия) республикасынын жашоочулары үчүн "Акылдуу айыл" деп аталган веб-сервис иштей баштады. Жаңылыктар түрмөгү, блогдор, экологиялык мониторинг системасы, өрткө каршы система, видеобайкоо, оңдолуп жаткан учурда жабылган жолдор боюнча кабарлар ар бир айылдын кырдаал боюнча борборуна жайгаштырылат. Мындай жаңычылдык Якутиянын Нам району жана ар бир калктуу жайларында пайда болууда.

Инновация, санарип жана коммуникативдик технология боюнча министрлигинен РИА Новостиге аталган өзгөчө айылдын мүмкүнчүлүктөрү жана аны иштеп чыккандардын Россиянын аймактарынан сырткаркы пландары боюнча айтып беришти.

"Акылдуу айыл" долбоору "Акылдуу шаар" сындуу кадам. Муниципалдык билим берүүнүн бюджетин жана калкты эсепке алып, ишин райондук ИТ-борбордун жөндөөсү каралган.

Аны түзүү жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталган. Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын жардамы менен администрация түзмө-түз жамааттар, инфратүзүмдөр менен өз ара иштешет. Андан сырткары, айылда эмне болуп жаткандыгын, адамдардын жашоосу кантип өнүгүп жатат жана кандай ыкмалар жакшыртарын карап чыгат.

"Райондук ИТ-борборлор ИТ-технологиялар республиканын айыл-шаарларын өнүктүрүү максатында иштеши үчүн түзүлөт. "Акылдуу айыл" долбоору Нам районунун муниципалдык бийлигинин колдоосун алган. Мындай санариптик ыкмалардын көмөгү менен долбоор Якутиядагы айыл-кыштактарды өнүктүрө турган сынамык долбоор болуп калышы мүмкүн", — деген Республиканын инновация, санарип жана коммуникативдик технология боюнча министри Анатолий Семенов.

Министрликтен "Акылдуу айылдагы" бул аракеттер калктуу пунктуларды майнаптуу башкарууга көмөкчү болот деп эсептешет.

Мисалы, жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаал, өрт боюнча сигнализация, тилсиз жоо менен суу ташкындарына мониторинг жүргүзүү, видеобайкоо жана экологиялык мониторинг коопсуздук сактоо боюнча өзүнүн жакшы жардамын берет.

Долллар банкноталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕЭК: мамлекеттер өзү менен өзү боло берсе, экономикасы чоң жоготууга учурайт
Инженердик коммуникация, уюлдук байланыш станциялары, турак жай коммуналдык кызматтар, электр кубаты, камсыздаган тармактар боюнча маалыматтар айылдардын инфраструктурасы боюнча маселени сапаттуу чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Чечимди ишке ашыруу үчүн Якутиянын ИТ-паркынын компаниясы иштеп чыккан платформа негизги технология катары пайдаланылат.

Анын авторлору долбоордун келечеги кең экендигин айтышууда. Алгач түзүп баштаганда адистер эл аралык ыкмалар менен стандарттарды колдонушкан. Бул системаны Россиянын гана аймагында эмес, андан сырткары жактарга да пайдаланып, көбөйтүп таратуу үчүн жасалган.

Алардын айтымына караганда, чет өлкөдөгү айыл-кыштактар үчүн кымбатка түшүп кала турган автоматташтыруу боюнча бул нерселерди жасоого мүмкүнчүлүк жок.

"Акылдуу айылды" 2021-жылдын I кварталында иштетип баштоо пландалууда. Долбоорду финансылоо аны иштеп чыккан компаниялардын инвестициясынын жана тандалган модулдарга ылайык макулдашылган айлык абоненттик төлөмдөрүнүн эсебинен жасалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0