Беловежский көмүскө бүтүмү: талкалаганды билебиз, бирок жарата албайбыз

© Sputnik / Юрий Иванов / Медиабанкка өтүүПодписание соглашения о создании СНГ в Беловежской пуще
Подписание соглашения о создании СНГ в Беловежской пуще - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жорж Буштардын улуусу кийинчерээк өзүнүн эскерүүсүндө Ельцин ага Беловежская пуща аймагындагы үйүнөн түз эле чалганын эскергени бар.

"Горбачев бул жыйынтыкты али биле элек... Урматтуу Жорж... бул өтө маанилүү, өтө маанилүү" деген экен.

Бул эскерүүлөрдү жана СССРдин кулашындагы маанилүү учурларды автор Владимир Бычков баяндайт.

1991-жылы 8-декабрда Беловежская пуща аймагынан Россиянын президенти Борис Ельцин, Украина жетекчиси Леонид Кравчук жана Белоруссиянын Жогорку Советинин төрагасы Станислав Шушкевич КМШны түзүү жана СССРдин токтошу боюнча Беловежский макулдашуусуна кол коет.

Ельциндин мурдагы үзөңгүлөшү Михаил Полторанин биздин ушул күндөрү берген маектеринин биринде "Ельцин Беловежский макулдашуусу боюнча кандай роль ойноду?" деген суроого төмөнкүчө жооп берген.

"Ельцин чечүүчү ролду ойноду. Ал эч нерсеге өкүнгөн эмес. Ага баары бир болчу... Башкысы, бийликте калышы керек эле. Эмне болсо ошо болсун деген Горбачев менен биригип кеткен да, бири-бири менен күрөшкөн түр көрсөткөн. Бирок чындыгында эч кандай күрөш деле болгон эмес. Сөздүн түз маанисинде айтканда, түндө сөз бекитип алышкан".

Директор Общественного фонда Турдакуна Усубалиева Эсен Усубалиев - Sputnik Кыргызстан
Үй-бүлөбүздү бир топ кодулашкан. Турдакун Усубалиевдин небереси менен маек
Горбачев эл аралык деңгээлде Союздун позициясын берип койгон. 1989-жылы 3-декабрда Мальтада Буш менен жолукканда, СССР менен АКШ эми касташкан душман эмес экендигин жар салган. Бул күн тарыхта "кансыз согуштун" бүтүшү катары калган. Анткен менен азыркы саясат таануучу адистер ал жолугушуунун жыйынтыгы "саясий Чернобыль" болду деген баасын берип келишет. Буштардын улуусу 1985-жылы Горбачев менен жаңыдан таанышкан соң "биздин милдет ага жардам кылуу эмес, бизге керектүү багытта анын саясатына АКШнын кызыкчылыгы үчүн иштөө" деген.

Генри Киссинжер интеграцияны ажырым кылуу үчүн багытты Батыш СССРсиз Чыгыш Европаны көздөй алыш керектигин айткан. Муну менен катар эле Горбачевго Чыгыш Европадагы өзгөрүүлөрдү СССРге кесепетин тийгизүү үчүн колдонбоого убада кылышкан.

Мальтадагы жолугушуунун алдында президенттик администрациянын башчысы Жон Сунуну агынан жарылып: "Горбачевго оңбой калгыдай сокку жасайбыз... Ушундай бир ала салган тейде кетет", - деп да жиберген. Ал эми Буштардын улуусу кыска гана: "Туура. Биз анын башына балээ болуп тиебиз!" - деген.

Америкалыктар советтик лидердин өзүнүн позициясына ишенбей турганын байкашкан. Андыктан Мальта жолугушуусунан соң Москвада Жеймс Бейкер Горбачев менен жолугушууда АКШ "нейтралдуу тарап эмес, НАТОнун мүчөсү катары Германиянын биригишин колдоорун" ачык эле айткан. Буга кошумча, НАТО юрисдикциясы мындан ары Чыгышка "азыркы позициясынан бир дагы дюйм" жылбай тургандыгына ишендирген.

Эгемендүүлүктүн келиши менен баалуулуктар да өзгөрдү. Ленин эстелигинин көчүрүлүшү - Sputnik Кыргызстан
Кайра куруу, улуу державанын кыйрашы жана эгемен мамлекеттин жаралышы сүрөттөрдө
Саясат таануучулардын пикиринде, Горбачев бул үчүн Батыштан финансылык жардам алууга ниеттенген. Бирок 1991-жылдын июлунда Лондондо өткөн "Чоң жетиликтин" саммитинде Буштардын улуусу бул кыялдардын таш-талканын чыгарган. Горбачев, ошол кезди эскергендердин айтымында, Лондондон көңүлү чөгүп кайткан. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Брент Скоукрофт абалды төмөнкүчө сүрөттөгөн.

"Горбачев мага тиешелүү деген нерсени алам деген ниет менен келген... Ал көйгөйдүн ушунча олуттуу экендигин түшүнбөгөн сыңары карады", - деген.

Буга Буштун уулусу: "Ал атын таппай калгандай болду, ушундайбы?" - деп коштогон.

Бирок Беловежский келишимине кайтып келели.

"Ельцин президенттик идеяны Америкадан мурда эле, 1989-жылы алып келген. АКШда биздин саясатчылар менен ири иштер жүргүзүлгөн. Ельцин буга катуу таасирленип алган", - деген Полторанин.

КГБнын төрагасы Владимир Крючков 1991-жылы июнда СССРдин Жогорку Советинин жашыруун жыйынында өлкөдө душмандардын таасирин таратуучу 2200дөн кем эмес тыңчы жүрөт деген. СССРдин кулашы боюнча чет өлкөдө болуп көрбөгөндөй иштер жасалган. Бул туурасында Буштардын улуусу ачык эле айткан.

"СССРди болуп көрбөгөндөй, болгондо да ички оппозициянын жардамы менен жеңдик", - деген Жорж Буш.

Россиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия кимге кандай гуманитардык жардам көрсөтүүдө. Маалымат картасы
Ельцин "Президенттин жазгандары" деп аталган китебинде СССРди Беловеж келишими менен жок кылган учурларын сүрөттөп жазган. "Бир учурда эле эркиндикти, кандайдыр бир жеңилдикти сездим... Аны жүрөгүм менен туйдум: ири чечимдерди жеңил кабыл алуу керек экен...".

Бул чечимди ири дасторкон уюштуруп майрамдашкан.

Буштардын улуусу эскерүүлөрүндө Ельцин ага Беловежская пуща аймагындагы аңчылык үйүндө туруп чалгандыгын айтып берген.

"Горбачев бул жыйынтыкты али биле элек... Урматтуу Жорж... бул өтө маанилүү, өтө маанилүү. Биздин ортобуздагы калыптанып калган салтты эске алып, сизге чалбай 10 мүнөтчө да токтоп турууга чыдаган жокмун", - дегенин жар салган.

Мне понятна твоя вековая печаль,

Беловежская пуща, Беловежская пуща... 

Автор Владимир Бычков, радио Sputnik

Жаңылыктар түрмөгү
0