00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Как защитить детей мигрантов: новые требования об оформлении опекунства в КР
12:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Россияда мигранттарга көзөмөл күчөтүлдү. Кыргызстандыктар эмнелерди эске алуу керек?
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги коомдук транспорттордо тейлөө сапаты кандай? - Атайын рейддин жыйынтыгы
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болду. Кайра иштетүү жолго коюлганбы?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Как использовать большие данные при планировании и усовершенствовании городов
16:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ислам принциби менен каржыланган аблигациялар Кыргызстанда кандай иштөөдө?
17:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как в Кыргызстане проходит общественное обсуждение властных решений
18:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз коомундагы аял, эркектин орду кандай болгон?
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Путешествие в мир детских грёз: очарование и глубина романа Нила Геймана
20:06
40 мин
Ачык кеп
Быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болду. Кайра иштетүү жолго коюлганбы?
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Метро токтотулуп, митингчилер кармалууда. Армениядагы нааразычылык акциянын видеосу

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүЕреванда өкмөткө каршы акциянын катышуучулары
Ереванда өкмөткө каршы акциянын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-декабрда оппозиция премьер-министр Никол Пашинян жана анын командасына 8-декабрга чейин кызматтан кетүү талабын коюшкан. Талаптар аткарылбаса өкмөткө баш ийбей турганын билдиришкен.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Ереванда өкмөткө каршы акция өтүп, метролор тосулду. Бул тууралуу Sputnik Армения жазды.

Эске салсак, Тоолуу Карабах боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин Арменияда премьердин отставкасын талап кылган нааразычылык акциялары башталган. Мындан сырткары, 5-декабрда оппозиция премьер-министр Никол Пашинян жана анын командасына 8-декабрга чейин кызматтан кетүү талабын коюшкан. Талаптар аткарылбаса өкмөткө баш ийбей турганын билдиришкен.

Өкмөткө каршы акцияда жарандар Еревандагы метронун кыймылын токтотушкан. Sputnik Армениянын кабарчысы ондогон митингчи метронун "Горцаранаин" станциясына кирип, поезддердин жүрүшүн токтотконуна күбө болгон. Бул өз кезегинде бүтүндөй шаардагы метрополитендин жабылышына алып келген.

Нааразычылык билдирип чыккандар вагондун эшиктеринин ортосуна туруп алышып, “Никол — чыккынчы” деп кыйкырышкан. Акцияга катышпаган жүргүнчүлөр станциядан кетүүгө аргасыз болушканы айтылды.

Премьер Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган дагы бир акция Армениянын Улуттук коопсуздук кызматынын имаратынын жанында өткөн. Чогулгандар УККнын имаратынын алдындагы Налбандян көчөсүн жабышкан. Полиция жолду ачуу үчүн аларга 10 мүнөт убакыт берген.

Ал арада Туманян көчөсү жана Маштоца проспектинин кесилишинде демонстранттарды кармоо иштери жүрүп жатканы кабарланды. Армениянын полициясы шаардын ар кайсы жерлеринде жолду тоскон 34 активист кармалганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0