Тарбия, каада, тиричилик. Кыргыз аялдарынын жашоосун көрсөткөн сүрөт баян

Жазылуу
Кыргыз аялдары эзелтен иштүү, оокатка тың келет. Энелер кыздарын оокатка, жумушка бышырып тарбиялашкан.

Разновидности кыргызской национальной одежды  - Sputnik Кыргызстан
Салттуу кийим куп жарашкан кыргыздын мырзалары. Көз кубанткан 15 сүрөт
Буга далил катары Sputnik Кыргызстан агенттиги менен "Кийиз дүйнө" коомдук фонду даярдаган сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Бул сүрөт баяндан тарбия, салт, каада, тиричилик, кыргыз аялдарынын сулуулугу, кийимдери, айтор, баарын көрө аласыздар. Айрымдарын карап отуруп кудум көчмөн турмушка барып калгандай сезимдер болот.

Мында оюнга тое элек секелектерден тарта кол өнөрчүлүк менен алектенген кыз-келин, аял, энелер бар. Ошондой эле Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышы менен салттуу кийимдер да ачык, даана көрсөтүлгөн.

 

© Sputnik / Табылды КадырбековБоз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
1/15
Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
© Sputnik / Табылды КадырбековАк элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
2/15
Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
© Sputnik / Табылды КадырбековБеш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
3/15
Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
© Sputnik / Табылды КадырбековАлас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
4/15
Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
© Sputnik / Табылды КадырбековТаар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу "өрмөк" деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
5/15
Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу "өрмөк" деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
© Sputnik / Табылды КадырбековБуудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
6/15
Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
© Sputnik / Табылды КадырбековКелиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
7/15
Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
© Sputnik / Табылды КадырбековШар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
Показ кыргызской национальной одежды в джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
8/15
Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
9/15
Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
© Sputnik / Табылды КадырбековБайкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
10/15
Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
© Sputnik / Табылды КадырбековЧоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
11/15
Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
© Sputnik / Табылды КадырбековТуш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
12/15
Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
© Sputnik / Табылды КадырбековЧебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
13/15
Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
© Sputnik / Табылды КадырбековЖайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
14/15
Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
© Sputnik / Табылды КадырбековБоорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
15/15
Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0