БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер Аида Исмаилова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектөөгө сунушталууда.
Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖК регламенти боюнча комитети колдоду.
Эске салсак, кечээ, 27-октябрда, Аида Исмаилова менен эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров ээлеген ордунан бошотулган.