УКМК: жазасын өтөп жаткан Айбек Калиев өз ыктыяры менен абакка кайтты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевУлуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев. Архив
Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ал УКМК кызматкерлеринин коштоосу менен мурдагы жайына жеткирилген.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бүгүн, 12-октябрда, Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев мурда жазасын өтөп жаткан мекемеге өз ыктыяры менен кайтып келди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ал 6-октябрга караган түнү элдик толкундоолор учурунда бошотулган.

"Учурда ал жаза өтөөсүн улантуу үчүн УКМК кызматкерлеринин коштоосунда мурдагы жайына жеткирилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Атамбаев эмнеге Кой-Таштан кармалган эмес. Адвокат окуянын чоо-жайын айтты

"Улуттук энергохолдинг" ишканасынын мурдагы директору Айбек Калиев өткөн жылы Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталып, үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен 15 жылга эркинен ажыратылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0