00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Женщина, меняющая мир»: Галина Кетова о вдохновляющих историях силы и ответственности
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев эмнеге Кой-Таштан кармалган эмес. Адвокат окуянын чоо-жайын айтты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМитинг сторонников Алмазбека Атамбаева в Бишкеке
Митинг сторонников Алмазбека Атамбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги толкундоолордон кийин 6-октябрга караган түнү Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан чыгарып кетишкен. Ал эми 10-октябрда чекисттер аны кайрадан кармады.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кантип кармалганы турасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысына анын адвокаты Замир Жоошев айтып берди.

Белгилей кетсек, Атамбаев 10-октябрда Бишкекте массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалган. Аны колго түшүрүү учурунда тартылган видео да жарыяланган

"Канат Сагымбаевдин (мурунку президенттин жан сакчысы) айтымында, ал күнү жолтандабастар менен бир нече жигит Кой-Ташты көздөй баратканы туурасында маалымат түшкөн. Анан Атамбаев чагымчылдыкка жол бербөө үчүн эч ким байкабагандай машина менен анча алыс эмес жердеги мейманканага барып токтогон", — деди адвокат.

Күч түзүмдөрү Атамбаевдин балдары менен аялын дубалга такап турган сүрөт тарады

Андан соң алар автоунаасын мейманкананын видео байкоосуна тартып ала турган жерге токтотушканын белгилейт.

"Кийин ал жерге УКМКнын кызматкерлери келип Атамбаевдин машинасын издеп калышты. Канат Сагымбаев алардын бирин таанып, унаадан чыгып учурашып "биз силерди күтүп жатабыз" деп айткан. Алар эч кандай каршылык көрсөтпөй УКМК өкүлдөрүнүн автоунаасына акырын отуруп кетишкен", — деп түшүндүрдү Жоошев.

Юристтин айтымында, мурунку президент "Ала-Тоо" аянтындагыдай түрдүү чагымчылдыктарга жол бербөө үчүн атайын үйүнөн чыгып кеткен.

"Атамбаев эгер УКМКга чакыра турган болсо барарын айткан. Артынан издеп келишсе машинасына өзү эле отуруп кетүүгө даяр болчу", — деди ал.

Ошондой эле Жоошев Атамбаев мыйзамсыз түрдө кармалды деп эсептейт. Ал Биринчи май райондук сотунун Кой-Таш окуясынын бардык фигуранттарын үй камагына чыгаруу боюнча токтому бар экенин айтат.

"Атамбаевди кармап УКМКга алып кетпеши керек эле. Эмнеге дегенде аны үй камагына которуу боюнча соттун чечими бар. Эгер аянттагы башаламандык боюнча жаңы кылмыш иши менен айып тагылса, кармаса болмок. Деген менен мен окуя Атамбаевдин күнөөсүнөн улам болду деп эсептебейм. Атамбаевди мыйзамсыз түрдө кармашты", — деди юрист.

Ал үй камагына чыгаруу боюнча соттун чечими жокко чагарылбаганын белгиледи.

Бишкектеги башаламандык

Бишкек шаарында 5-октябрда Жогорку Кеңешке болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын толкундоосу жаралып, "Ала-Тоо" аянтына митингге чыгышкан. Ал эми кечинде аларды күч органдары кууп таратууга аракет кылган. Көп өтпөй эл кайрадан "Ала-Тоо" аянтына келип, андан соң Ак үйдү басып алган. Кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана бир катар саясатчыларды абактан бошотуп алган.

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Кечинде парламент премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган.

7-октябрда ар кайсы ишканалар аларды басып алууга аракеттер болгонун айткан. Наразылык акциясы уланып, митингчилердин бир бөлүгү Садыр Жапаровду колдосо, экинчиси люстрация мыйзамын талап кылган.

8-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбековго айрым депутаттар импичмент процедурасын баштаганын кабарлашты.

Сапар Исаков: менин да автоунаамды аткылашты. Видео

9-октябрда төрт партия биригип, премьерликке Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин сунуштады. Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун колдоочулары "Ала-Тоо" аянтындагы митингге кошулуп, тараптардын ортосунда кагылышуу болгон. Атамбаевдин автоунаасына ок атылган.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка колдоп беришкен. Ушул эле күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон митингчилер тарабынан бошотулган саясатчылар кайрадан камала баштаган.

11-октябрда Аида Касымалиева баштаган бир катар депутаттар кезексиз жыйында кворум болбогонун айтып, Жапаровдун кызматка отурушун легитимсиз деп чыгышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0