"Инфоком" документ түйшүгүн жеңилдеткен электрондук система иштеп чыкты

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз Республикасынын биометрикалык паспорттары. Архив
Кыргыз Республикасынын биометрикалык паспорттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы системанын алкагында президенттин алдындагы жарандык маселелер боюнча комиссиянын, УКМК, ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин маалыматтары бирдиктүү электрондук базага бириктирилет.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. "Инфоком" мамлекеттик ишканасы "Жарандык 2.0" автоматташтырылган маалыматтык системанын (АМС) экинчи этабын иштеп чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан (МКК) билдиришти.

© Фото / пресс-служба ГРС при ПКРИнформационная статистика автоматизированной информационной системы «Гражданство 2.0»
Жарандык системасынын биринчи этабын даярдоо 2017-жылы башталып, 2018-жылы ноябрда МККнын бардык паспорт берүү жана калкты каттоо бөлүмдөрүндө ишке киргизилген - Sputnik Кыргызстан
1/3
"Жарандык" системасынын биринчи этабын даярдоо 2017-жылы башталып, 2018-жылы ноябрда МККнын бардык паспорт берүү жана калкты каттоо бөлүмдөрүндө ишке киргизилген
© Фото / пресс-служба ГРС при ПКРИнформационная статистика автоматизированной информационной системы «Гражданство 2.0»
Андан тышкыры, Кыргызстандын 38 чет өлкөдөгү мекемесинде Паспорт, ЗАГС жана Жарандык автоматташтырылган маалыматтык системасы жүзөгө ашырылган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Андан тышкыры, Кыргызстандын 38 чет өлкөдөгү мекемесинде "Паспорт", "ЗАГС" жана "Жарандык" автоматташтырылган маалыматтык системасы жүзөгө ашырылган
© Фото / пресс-служба ГРС при ПКРИнформационная статистика автоматизированной информационной системы «Гражданство 2.0»
Бул мекендештерге 15-20 күндүн ичинде паспорт алууга шарт түзөт. Мурда бул үчүн үч айдан бир нече айга чейинки убакыт талап кылынчу - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бул мекендештерге 15-20 күндүн ичинде паспорт алууга шарт түзөт. Мурда бул үчүн үч айдан бир нече айга чейинки убакыт талап кылынчу
1/3
"Жарандык" системасынын биринчи этабын даярдоо 2017-жылы башталып, 2018-жылы ноябрда МККнын бардык паспорт берүү жана калкты каттоо бөлүмдөрүндө ишке киргизилген
2/3
Андан тышкыры, Кыргызстандын 38 чет өлкөдөгү мекемесинде "Паспорт", "ЗАГС" жана "Жарандык" автоматташтырылган маалыматтык системасы жүзөгө ашырылган
3/3
Бул мекендештерге 15-20 күндүн ичинде паспорт алууга шарт түзөт. Мурда бул үчүн үч айдан бир нече айга чейинки убакыт талап кылынчу

"Жарандык" системасынын биринчи этабын даярдоо 2017-жылы башталып, 2018-жылы ноябрда МККнын бардык паспорт берүү жана калкты каттоо бөлүмдөрүндө ишке киргизилген. Мындан тышкыры, Кыргызстандын 38 чет өлкөдөгү мекемесинде "Паспорт", "ЗАГС" жана "Жарандык" автоматташтырылган маалыматтык системасы жүзөгө ашырылган. Бул мекендештерге 15-20 күндүн ичинде паспорт алууга шарт түзөт. Мурда бул үчүн үч айдан бир нече айга чейинки убакыт талап кылынчу.

Кыргызстанда ID-картанын баасы кымбаттайт. Себеби

Ал эми "Жарандык 2.0" системасынын экинчи этабында президенттин алдындагы жарандык маселелер боюнча комиссиянын, УКМК, ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин маалыматтары электрондук базага бириктирилет.

"Бул система Кыргызстан калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин курамдык бөлүгү жана МККнын маалыматтык системасын бир жерге топтойт. Жарандыктан чыгуу жана кабыл алуу боюнча маалымат алууга кызыкдар мамлекеттик органдарга "Түндүк" системасы аркылуу жеткиликтүү болот. Ал эми жарандык алуу же андан чыгуу боюнча арызды, сүрөтүн жана кол тамгасын электрондук түрдө жөнөтө алат. Бул тейлөөнү тездетип, документтерди жеткирүүгө кеткен чыгымды азайтып, так отчет түзүлүүсүн шарттайт. Ошондой эле шайлоочулардын тизмесин иретке келтирет", — деп айтылат маалыматта.

АКШнын санкциясын эске алып. Кыргызстанда жаңы паспорт кантип жасалууда

Алдыда "Жарандык 2.0" системасы жарандык алуу жана андан чыгуу боюнча президенттин жарлыгына кол коюуну электрондук түрдө жүргүзүүнү карап жатат. Ал эми арыз бергендер үчүн жарандык макамы боюнча иштин жүрүшүнө мобилдик тиркеме аркылуу байкоо салууга мүмкүнчүлүк түзүү пландалууда.

Эгемендүүлүк жылдары 33 523 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылса, 18 607 киши алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0