АКШнын санкциясын эске алып. Кыргызстанда жаңы паспорт кантип жасалууда

© SputnikКыргызстандын жаранынын паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Паспортторду даярдоо иштери өзүнчө жүрөт. Мамлекеттик каттоо кызматынан тендердин жеңүүчүсү менен келишимге кол коюу онлайн болгондугун айтышты.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) АКШнын санкцияларын эске алып, жалпы жарандык паспортту киргизүү боюнча аралыктан иштеп жатат.

Ведомствонун маалымат кызматы документтер Эл аралык жарандык авиациянын стандарттары менен даярдаларын айтты. Андан сырткары, Америка санкция салган себептерди жоюу боюнча иш жүрүп жаткандыгы да кабарланды.

Эске салсак, 31-январда АКШ бийлиги алты өлкөнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө чектөө киргизүү чечимин кабыл алган. Чектөө Кыргызстан, Эритрея, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзанияга тиешелүү болгон эле. Алардын айтымында, алты өлкө Американын коопсуздук стандарттарын аткара алышкан эмес.

АКШ талап кылган биометрикалык паспорт Кыргызстанда качан бериле баштайт?

МККдан Америка бийлигинин койгон доосун билдиришти:

  • жарандардын электрондук биометрикалык паспорттор менен камсыздалбашы;
  • жоголгон/уурдалган паспорттор боюнча билдирүүнүн жоктугу;
  • террорчулукка шектелген адамдар боюнча маалымат берүүдөгү жеткиликсиз иштер;

Май айынын соңунда тендердин жыйынтыгында жеңип алган германиялык Mühlbauer ID Services GmbH компаниясы менен онлайн тартипте келишимге кол коюлган.

Бүгүн жыйынтык төмөнкүдөй:

  • маалыматтарды чипке жазып алган долбоор түзүлдү, коргоо элементтерди жасоо, иштеп чыгуу боюнча макулдашуулар болду, бланктардын суу белгилерин, голограммаларын, коргоочу жиптерди, тактилдик жана башка дагы атайын коргоочу элементтердин дизайнын бекитүү иштери жасалууда; басып чыгарган коргоочу элементтердин да дизайны бүтө жаздап калды;
  • жеңип алган компания бланктарды жасоо үчүн зарыл болгон материалдарды алып келип берет, МКК паспортторду персонификациялоо (жекелештирүү) үчүн жабдуу даярдап койду;
  • паспорттогу маалыматтарды чипке жазуу үчүн атайын инфраструктура ачылган (андагы маалыматтар ары-бери каттоодогу заманбап документтин сөзсүз түрдөгү атрибуту), ал өлкөнүн ички паспортторун (eID карты) берүүдө буга чейин колдонулуп келет.

Мигранттарга жасалма документ даярдаган жашыруун топ кармалды

Ченемдик-укуктук актылар боюнча:

  • уурдалган (жоготулган), жасалма же мыйзамсыз берилген паспорттор маселесин чечүүнүн жолун табуу боюнча ведомство аралык топ түзүлгөн. Күч түзүмдөрүнүн регламенти иштелип чыгып, бекитилген;
  • уурдалган (жоготулган), жасалма же мыйзамсыз берилген паспорттордун базасы түзүлүп жатат. ММК андай маалыматтарды ай сайын ИИМге, алар караштыргандан соң тиешелүү документти Интерполго жөнөтөт.
  • визалык чектөөлөрдү алуу иштеринин алкагында ТИМ, ММК биргелешип иштеген регламентке кол коюлган. Алар АКШ элчилиги тиешелүү кызмат тарабынан берилген маалымдама же документтин жасалма эмес экендигин сураган учурда тактап берет;
  • бул багыттагы алдыңкы жана дүйнөлүк тажрыйбаны үйрөнүп, аны аталган кызматта пайдалануу үчүн адистерден турган топ түзүлгөн.

МККдан биометрикалык жалпы жарандык паспорттордун техникалык атайын жактарын беките турган токтом долбоору иштелип жаткандыгын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0