Футбол, Лондон, клиника. Назарбаевдин маркум небереси Айсултан жөнүндө фактылар

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDКостюмчан адам. Архив
Костюмчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айсултан Назарбаев социалдык тармактагы баракчасына башкача маанидеги бир нече пост жазып, ал Казакстанда бир топ талкуу болгон. Акыркы постун ал быйылкы жылдын 17-июлунда койгону айтылды.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Түндө Лондон шарында 30 жашка чыгып-чыкпай, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев каза болду.

© Фото / Facebook/ Айсултан НазарбаевКазакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев
Футбол, Лондон, клиника. Назарбаевдин маркум небереси Айсултан жөнүндө фактылар - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев

Алдын ала берилген маалыматтарда, анын жүрөгү токтоп калган.

Уулунун каза болгондугу туурасында энеси Дарига Назарбаева да билдирип, бул алардын үй-бүлөсү үчүн өтө оор учур экендигин айткан.

Айсултан Назарбаев туурасында Sputnik Казакстан маалыматтарды топтоду.

Айсултан Рахатович Назарбаев (Алиев) – казакстандык футболчу, ишкер, элбашы Нурсултан Назарбаевдин кыз-күйөөсү Дарига Назарбаева менен Рахат Алиевдин уулу. Үйлөнгөн, бир уул, бир кызы бар.

1990-жылы 26-августта туулган. Казакстандын борборундагы үзгүлтүксүз билим берүү колледжинде, андан кийин Австриядагы мектеп-пансиондо окуган.

2010-жылы Сандхерстеги Британиянын королдук академиясын аяктаган. Андан соң Казакстандын Алматыдагы медежмент институтунан бизнес администрациясы адистигин аяктаган.

Назарбаевдин небересинин чуу түшүргөн билдирүүсү боюнча казак бийлиги үн катты

Эмгек жолу

2012-2013-жылдары Казакстандын Коргонуу министрлигиндеги Башкы чалгын башкармалыгында кызмат өтөгөн.

2017-жылдын февраль-октябрь айында Казакстандын Футбол федерациясынын ФИФА, УЕФА боюнча эл аралык жана улуттук ассоциациялар менен байланыштар боюнча вице-президенти.

Согуш сымал аскердик операцияларга катышкандыктан Британиянын Каармандык үчүн медалы менен сыйланган.

© AFP / ALEXANDER NEMENOVНурсултан Назарбаев жана Айсултан 1999 жыл
Футбол, Лондон, клиника. Назарбаевдин маркум небереси Айсултан жөнүндө фактылар - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Назарбаев жана Айсултан 1999 жыл

Спортко болгон кызыгуу

Атасы Австрияда элчи болуп турган учурда "Адмира Ваккер Медлинг" клубунда машыга баштаган. 2006-жылы борбордук "Рахат" үчүн Казакстандын биринчи лигасында эки матчка чыккан. Кийинки жылы Алматынын "Железнодорожник" клубунун курамында ойногон. Европа футболунун өспүрүмдөр чемпионатынын тандоо туруна катышкан. Андан соң "Челси" академиясында бир канча убакыт болгон. Сезондо ойноп, Англия чемпионатында коло байгеге татыган.

2011-жылы "Астанада" ойногон. 2012-жылдын 21-октябрында Казакстандын чемпионатында Каскелендин "Сункар" клубунда "Актөбөгө" каршы беттеште бирден-бир матчка катышып, экинчи таймдын ортосунда оюнга чыккан.

Назарбаевдин небереси Лондондо соттолду

Британиянын ооруканасындагы дарылануу

Англиядагы баңгизаттарга байланып калгандардын клиникасында дарыланган. Мындан кийин Айсултан Назарбаев социалдык тармактагы баракчасына башкача маанидеги бир нече пост жазып, ал Казакстанда бир топ талкуу болгон. Акыркы постун ал быйылкы жылдын 17-июлунда жарыялаганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0