БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 1 667 бейтап айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, сакайып чыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунан.
- Бишкек — 654;
- Чүй облусу — 376;
- Ош облусу — 181;
- Талас облусу — 66;
- Нарын облусу — 76;
- Ысык-Көл облусу — 138;
- Жалал-Абад облусу — 100;
- Баткен облусу — 50;
- Ош шаары — 26.
Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жалпы 14 776 адам жеңип чыккан.