Акыркы аптада өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетти. Борбор калаадагы ооруканаларга өпкөсү сезгенип кайрылган бейтаптардын аягы үзүлбөй жатат. Социалдык медиа бетин кычкылтек концентраторун сатуу жана сатып алуу боюнча жарыялар каптады. Кыргызстанда мындай аппараттар тартыш, ошондуктан бийлик жана кайрымдуу жарандар сырттан сатып алууда. Бир катар мамлекеттер республикага гуманитардык көмөк иретинде концентраторлорду тапшырууда.
Sputnik Кыргызстан бул аппараттардын кандай иштеп, эмне үчүн колдонуларын билип көрдү. Суроолорду топтоп, Улуттук кардиология жана терапия борборунун врач-пульмонологу Маамед Мадемиловго узаттык.
Орун бар! Пневмонияга кабылгандарды кайсы оорукана кабыл алары айтылды
Кычкылтек концентратору деген эмне?
Бул кычкылтекти топтоп, бейтапка 90-95 пайыздык катышта бере турган аппарат. Так элестетүү үчүн терең карайлы, бизди курчаган абада кычкылтектин концентрациясы 20 пайыздын тегерегинде, концентратордон адам каныккан кычкылтекти алат.
Бейтаптарга кычкылтек терапиясы керектелген бир катар дарттар бар. Алар — демди кысып, адамды энтиктирген оорулар, маселен, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу, астма, жүрөк-кан тамыр илдети жана башка дарттар.
Аппарат кантип иштейт?
Кычкылтек концентраторунун түзүлүшү анчалык деле оор эмес. Кычкылтек дистилляцияланган (буулуу суу) же физиологиялык эритмеси аркылуу өтүп, андан кийин гана мурунга кычкылтек түтүкчөсү аркылуу кирет. Медициналык концентратор бейтап белгилүү бир убакыт аралыгында ала турган кычкылтекти өлчөй турган атайын регуляторго ээ.
Негизинен аппараттар мүнөтүнө 1-5 литр кычкылтекке эсептелген.
Кечээтен бери пневмониядан 29 кишинин көз жумганы айтылды
Кычкылтек концентратору кайсы учурларда пайдаланылат?
Адегенде врач бейтапты көрөт: сатурациясын (кандын кычкылтек менен каныгышын) өлчөйт, өпкөнү тыңшайт, бейтаптын абалын бир сыйра карап, былжыр челдерин, терисин, атап айтканда, көгөрүп-көгөрбөгөнүн текшерет. Сатурация пульсоксиметр менен өлчөнөт. Бейтапка кычкылтек бериле турган белгиленген ченемдери бар. Ошону менен бирге эле сатурациянын ар бир деңгээли үчүн бир, эки же беш литрден кычкылтектин өз "чени" болот.
Башка көрсөткүчү дагы бар, бул артериялык кан газы. Аталышы айтып тургандай, кандын газ курамын изилдөө. Бардык критерийлер медиктер тарабынан бир каралат. Бейтаптын организминин жалпы абалын текшерип чыккан соң врач аны кычкылтек концентраторуна туташтыруу зарылдыгы бар-жогу боюнча чечим кабыл алат.
Аппаратты өзү билип, дарыгердин уруксаты жок пайдаланууга болбойт. Анан калса, аны бирөө тегин жерден колдонуп жатканда башка бир бейтапка өтө зарыл болушу мүмкүн.
Кычкылтек концентраторун себепсиз пайдаланса, ден соолукка зыян келеби?
Кычкылтек өзүнөн өзү дайым эле коопсуз эмес, врачтар аны баарына эле жөн жерден туташтыра бербейт. Айрым ооруларда врачтын көзөмөлү жана уруксаты болбостон берилсе, аягы кейиштүү болушу мүмкүн.
Белгилүү бир учурларда, мисалы, гиперкапниялык (вентиляциялык) дем алуу жетишсиздигине жеткирбөө үчүн кычкылтек аз ченемде бериле баштайт.
Ар бир учур жеке каралат, врачтын чечимине бейтаптын дене түзүлүшү да таасир этиши мүмкүн!
Мисалы, эгер адам салмактуу болсо, анда анын дем алуу булчуң эттери чабал болот. Мындан улам кычкылтек киргенде өпкө көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууга үлгүрбөй калат. Ал топтолуп отуруп, адам ууланып калышы ыктымал.
Ушундай эле көрүнүш адамдын өнөкөт респиратордук оорулары, мисалы, эмфиземасы (өпкө тканы жабыркап, функциясын аткара албай калганда) болсо да, өпкөгө көмүр кычкыл газы толуп кетип, бейтап эс-учун жоготушу мүмкүн.
Ошто коронавирус жана пневмонияны дарылоо үчүн 600 орун даярдалды
Кол менен жасалган концентратор жагдайы
Ооруканаларда колдонулган кычкылтек концентратору — бул биринчи кезекте медициналык аппарат. Ал ГОСТтун талаптарына жооп бериши керек. Кычкылтек баллондорун пайдалануу техникалык көз караштан алып караганда деле кооптуу болушу мүмкүн. Анан да кычкылтекти титрлөө, башкача айтканда, ар бир бейтапка "ченемди" жекече өлчөө зарыл.