00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Шаарды сүйсөң — тартипти сакта! Муниципалдык кызматкерлер эми көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга айып салууга укуктуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Ишкердикти өнүктүрүү фонду 8% менен арзандатылган насыя берүүдө — кимдерге тиешелүү?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Россия с вами»: в Оше открылся новый центр для молодёжи и творчества
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Калькулятордон да ылдам эсеп чыгарган окуучу кыздар
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Минская конференция: как формируется новая архитектура евразийской безопасности
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Менеджмент – ишкерликте эмнеге маанилүү?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президент Жээнбеков кимдерди "эл душманы" деп атаарын айтты

Жазылуу
Коронавирус менен күрөшүү, адам өмүрүн сактоо үчүн бардык иш-чаралар жасалып жатканы менен өлкөдө абал татаал бойдон калууда.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков ушундай оор мезгилде да өз капчыгын толтургусу келгендерди "эл душманы" деп атаарын медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаган кайрылуусунда айтты.

Бүгүн Жээнбеков ак халатчандарды куттуктап, алардын пандемия мезгилиндеги эмгеги менен түйшүгүнө таазим кыларын билдирген.

"Илдет менен күрөшкө жардам берип, кол сунган мекендештериме ыраазылыгымды билдирем жана баарыңарды кайдыгер калбоого чакырам. Бүгүнкү күндөр журт биримдигин сынай турган мезгил экенин унутпайлы! Ушундай оор мезгилде да өз капчыгын толтургусу келгендерди "эл душманы" деп ачык айтам. Дары-дармектердин, бет каптардын, өздүк коргонуу каражаттарынын баасын көтөргөндөр жазасыз калбайт", — деген ал.

Андан сырткары элге, ишкерлерге, ыктыярчыларга да кайрылып, бизнес социалдык тилектештигин көрсөтөрүнө ишеним арткан.

Имарат берип, жабдуу таап, медик чогултуп... Эл ооруга каршы бир муштумга түйүлгөндө

"Каптаган оору менен күрөшүү, адам өмүрүн сактоо үчүн бардык иш-чаралар жасалып жатат. Ошого карабай өлкөдө абал татаал бойдон калууда. Дарыгерлерге болгон муктаждык жогорулап, адистердин жетишсиздиги курч маселе болуп турат. Жеке клиникалар, коргоо жана күч органдарынын ооруканалары, аскер врачтары ишке тартылат. Медициналык окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттеринен турган ыктыярдуу бригадаларды түзүүгө чакырам. Бизнес социалдык тилектештик көрсөтүп, медиктерибизди колдойт деп ишенем", — деген Жээнбеков.

Коронавирус боюнча кырдаал

Республика боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 6 767ге жетти. Анын 2 655и айыгып, 76 киши көз жумду. Акыркы маалымат боюнча, 638 бейтап стационарда дарыланып жатса, анын 19у реанимацияда. Ал эми үй карантининде 3 398 киши дарыланууда.

Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусунан март айынан бери 120 адам каза тапты. Учурда бул илдетке кабылган 1 724 бейтап ооруканада жатат. Анын ичинен 337 адамдын абалы оор, 112 киши реанимацияда.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0