00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Унаалар, акча жана "оңой утуштар": интернет-лотереялардын тузагына түшүп калбоо жолдору
11:04
25 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Почему опыт ЕАЭС в регулировании электронной торговли может стать моделью для стран ШОС
08:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
“Манас” — кыргыз элинин жандуу мурасы: эпостун азыркы дүйнөдөгү мааниси
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что случилось с энергосистемой Бишкека в жару и когда отключения прекратятся - беседа с представителем НЭСК
10:04
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Базисттик окуу пландары бекитилди: жаңы окуу жылында окуу процесси кандай уюштурулат?
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстан менен Россия асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташат
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жээнбеков: бул кыянатчылык, тойлорго расмий тыюу салууга убакыт келди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОфицианттар жумуш учурунда. Архив
Официанттар жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент бийлик органдары мындай жосунсуз жоруктарды көрмөксөн, укмаксан болгонго акысы жок экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Республикалык штаб абалдын оорлошуп баратканына себепкер болгон салтанат-тойлорго расмий түрдө тыюу салуу чарасын карап чыгуусуна мезгил жетти. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков парламентте кайрылуу жасап жатып билдирди.

Кимдин ким экени ушундай учурда билинет. Жээнбеков аткаминерлерге кайрылды

Мамлекет башчы акыркы убактарда массалык иш-чаралардан инфекция жугузгандар көбөйүп жатканына токтолду.

“Калкыбыздын ден соолугуна кайдыгер болуп душмандык жасабайлы. Айрым мекендештерибиз, аткаминерлер той өткөрө башташты. Бул улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна жасалган кыянатчылык! Март айынан бери уйку көрбөй эмгектенип жаткан дарыгерлерибиздин, тартип сакчыларынын, башка тийиштүү кызматкерлерибиздин мээнетине жасалган кыянатчылык!” — деп сыпаттады Жээнбеков.

Аны менен катар президент Республикалык штабдын, жергиликтүү бийликтин мындай жосунсуз жоруктарды көрмөксөн, укмаксан болгонго акысы жок экенин баса белгиледи.

“Бардык бийлик бутактары биригип, жалпы эл коронавирус илдетин ооздуктоого күч-аракетин жумшап жатса, эч кимди көзгө илбей той өткөргөндөрдө уят-сыйыт, элди сыйлоо деген сезимдердин болбогону өкүндүрөт. Республикалык штабдын мындай салтанат-тойлорго расмий түрдө тыюу салуу чарасын карап чыгуусуна мезгил жетти. Ар бирибиз жоопкерчилик менен аң-сезимди өзгөртпөсөк, илдетти жеңүү мүмкүн эмес”, — деди мамлекет башчы.

Айды алып берем дебей... Жээнбеков шайлоодо кандай убада берүү керектигин айтты

Ошондой эле ал тиешелүү талаптарды аткарбагандардын баарына мыйзамдуу чаралар көрүлүшү керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламентте жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алды. Андан соң пандемияга жана алдыдагы шайлоолорго байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Жаңылыктар түрмөгү
0