Бул жолу "Ак жарык" рубрикасында жоголгон капчыктагы 30 миң сомдун ээсин издеп таап, кайтарып берген 18 жаштагы Руслан жөнүндө сөз кылабыз. Жигиттин чыныгы мырзалык, адамдык сапатына ыраазы боло айтып берген кыздын баянын окурмандар менен бөлүшүп коюуну чечтим.
...25 жаштамын. Жогорку окуу жайын аяктап, өзүм тандаган кесибим боюнча модельер-конструктор болуп иштеп жатам. Өткөн жылы август айында кесиптештерим менен чогуу көлгө барып, эс алып келели деп даярдана баштаганбыз. Анда азыркы коронавирустун карааны жок. Эки жакка эркин чыгып, эс алчу эмес белек. Ошентип июль айынын маянасы 20 миң сом колго тийди. Мындан сырткары, жумушума тиешелүү болгон 10 миң сом, баары биригип 30 миң сомду капчыгыма салып, кудуңдап көйнөк сатып алганы жөнөдүм. Маяна колго тийгенде апамдын телефонуна бирдик салып коймой адатым бар. Квитанциясын капчыгыма салып койгом. Жанымда бир тууган эжем да бар болчу. Ош шаарындагы соода борборлорунун бирин кечке кыдырып, көңүлгө жаккан көйнөктү таппай койдук.
30 миң сом аз акча эместигин, аны мен көзүмдүн майын коротуп, бир ай бою баш көтөрбөй ак мээнет менен иштеп тапканымды эстегенде көзүмө жаш тегерене түштү. Эжем болсо менин абалыма боору ооруп "мээнет менен тапкан акчаң кайра табылат, ыйлаба" деп сооротуп жатты. Акчамдан үмүтүм үзүлбөй, 159-маршруттук каттамдын бусиктери токтоочу жайга бардым.
Айдоочу салондон эч кандай капчык көрбөгөндүгүн айтты. Үмүтүм үзүлүп, аябай ызаландым. Ысык-Көлгө кесиптештер менен эс алууга барбай каларымды эстегенде көзүмдүн жашын токтото албай жөө келе жаттым.
Бир кезде апам телефон чалып "кызым кайдасың, тынчылыкпы?" деп сурай баштады. Же апама окуяны түшүндүрүп бере алсамчы? Өпкө-өпкөмө батпай шолоктоп ыйлайм.
Апам болсо "кызым, ыйлаба, акчаң табылды" десе, уккан кулагыма ишенбей бир ордумда катып туруп калдым.
Көрсө, окуяга күбө болгон эжем мени соороткондой эле мээнет менен тапкан адал акча кайра өзүңө кайтып келет турбайбы.
Үйүнө жеткен соң ичин ачып, акча менен кошо квитанцияны көрөт. Анда апамдын телефонунун номери жазылуу да. Себеби мен телефонуна бирдик салып, квитанциясын капчыгыма салып койгон элем. Ошол номерди терип, капчык тууралуу апама айтат. Апам окуяны түшүнүп-түшүнбөй мага чалат. Ошол учурдагы менин кубанычымды айтпаңыз, сөз менен жеткире албайм. Дароо атама байланыштым. Атам өзү менен чогуу иштеген кесиптеш жигитти капчыкты тапкан баланын үйүнө жиберет.
Көрсө, апама чалып байланышкан 18 жаштагы Руслан аттуу жигит экен. Сүйүнчүсүнө берген акчаны атасы экөө тең албай, баш тартат. Бирок атамдын кесиптеши алардын ой-боюна койбой сүйүнчүсүн берип, капчыгымды алып келди. Атам Русланга ыраазычылык иретинде бир жумуштарын бүтүрүүгө жардам берди.
Ошол окуя жана чынчыл, адамгерчиликти баарынан бийик койгон, тарбиясы мыкты адамдардын бар экендиги менин жашоого болгон көз карашымды толугу менен өзгөрттү. Учурдагы алдым-жуттум заманда 30 миң сомду эмес, 20 сомуң чөнтөгүңдөн түшүп калса көз алдыңда кымтып койгон напсисин тыя албаган адамдар да бар эмеспи.
Ошентип жакшы адамдын жарыгы тийип, кесиптештерим менен көлгө барып, эс алууга да жетишкем.
Эгер бул макаланы окуп калсаң, ушул жерден да ыраазылык билдирип коюуну эп көрдүм. Рахмат сага, Руслан!