https://sputnik.kg/20260612/1101840523.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча комиссиянын иш мөөнөтүн узартуу маселесин күн тартибинен алып салды. Тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизүүнү... 12.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-12T09:00+0600
2026-06-12T09:00+0600
2026-06-12T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0c/1101840357_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c29f3063b896909531b1a4b76c7331bc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча комиссиянын иш мөөнөтүн узартуу маселесин күн тартибинен алып салды. Тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизүүнү Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги сунуш кылган. Анда жаңы гимнди жалпы элдик сынак аркылуу эмес, мамлекеттик тапшырыктын негизинде тандоо жана комиссиянын иш мөөнөтүн 1-июндан 1-декабрга чейин узартуу каралган. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Дастан Бекешев менен Элвира Сурабалдиева мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесинен баш тартууну сунушташты. Андан соң депутат Гүлнара Акимбаева маселени кошумча иштеп чыгып, кайрадан даярдап келүү зарылдыгын белгиледи. Ал документти күн тартибинен алып салууну сунуштап, бул демилгени депутаттар колдоду. Эске салсак, буга чейин жаңы гимнди тандоо боюнча жарыяланган сынакка 603 автор катышып, жалпысынан 902 долбоор сунушталган. Алардын ичинен үч вариант тандалып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок депутаттар сунушталган варианттардын бирин да жактырган эмес.
Өлкөдө 1-январдан баштап окуучунун бир күндүк тамак-ашы үчүн 40 сомдон бөлүнө баштайт. Тиешелүү чечимди Садыр Жапаров кабыл алганын "Ынтымак ордодон" билдиришти. Маалыматка ылайык, азыркы учурда 4-класска чейинки ар бир окуучунун тамактануусу үчүн күнүнө 14 сом бөлүнөт. "Каржылоону 40 сомго чейин жогорулатуу эт жана балык тамактарын, сүт азыктарын рационго көбүрөөк кошууга, жашылча-жемиштердин ассортиментин кеңейтүүгө, тамак-ашты ар түрдүү кылып берүүгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, бул чечим өлкөдөгү бардык мектептердеги айырмачылыктарды азайтууга, үй-бүлөлөрдүн кошумча каржылык жүгүн жеңилдетүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.
Бишкектин жогору тарабындагы Ала-Арча жаратылыш паркында жаңы тарифтер күчүнө кирди. Парктын администрациясынын маалыматына ылайык, өзгөргөн баа 8-июндан тарта колдонулууда. Жаңы тариф боюнча, чоңдор үчүн билеттин баасы 200 сомдон 250 сомго чейин көтөрүлдү. Ал эми 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн кирүү акысы 150 сомдон 180 сомго жогорулады. 7 жашка чейинки балдар үчүн кирүү мурдагыдай эле акысыз бойдон калды. Ошондой эле электромобиль менен парктын аймагына кирүү акысы 800 сомдон 880 сомго чейин көбөйдү. Соцтармакта эл баанын жогорулашына түшүндүрмө берүүнү жана кыргызстандыктар үчүн өзүнчө тариф киргизүүнү сунушташууда. Белгилей кетсек, буга чейинки тарифтер 2025-жылдын 1-майынан тартып киргизилген. Ошол учурда төлөм системасы өзгөртүлүп, автоунаа үчүн эмес, ар бир кирген киши үчүн өзүнчө төлөм алына турган болгон. Ички күйүүчү кыймылдаткычы бар унаалардын паркка киришине тыюу салынып, электромобилдерге гана уруксат берилген.
Жогорку Кеңеш мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча комиссиянын иш мөөнөтүн узартуу маселесин күн тартибинен алып салды. Тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизүүнү Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги сунуш кылган. Анда жаңы гимнди жалпы элдик сынак аркылуу эмес, мамлекеттик тапшырыктын негизинде тандоо жана комиссиянын иш мөөнөтүн 1-июндан 1-декабрга чейин узартуу каралган. Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Дастан Бекешев менен Элвира Сурабалдиева мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесинен баш тартууну сунушташты. Андан соң депутат Гүлнара Акимбаева маселени кошумча иштеп чыгып, кайрадан даярдап келүү зарылдыгын белгиледи. Ал документти күн тартибинен алып салууну сунуштап, бул демилгени депутаттар колдоду. Эске салсак, буга чейин жаңы гимнди тандоо боюнча жарыяланган сынакка 603 автор катышып, жалпысынан 902 долбоор сунушталган. Алардын ичинен үч вариант тандалып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок депутаттар сунушталган варианттардын бирин да жактырган эмес. Өлкөдө 1-январдан баштап окуучунун бир күндүк тамак-ашы үчүн 40 сомдон бөлүнө баштайт. Тиешелүү чечимди Садыр Жапаров кабыл алганын "Ынтымак ордодон" билдиришти. Маалыматка ылайык, азыркы учурда 4-класска чейинки ар бир окуучунун тамактануусу үчүн күнүнө 14 сом бөлүнөт. "Каржылоону 40 сомго чейин жогорулатуу эт жана балык тамактарын, сүт азыктарын рационго көбүрөөк кошууга, жашылча-жемиштердин ассортиментин кеңейтүүгө, тамак-ашты ар түрдүү кылып берүүгө мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, бул чечим өлкөдөгү бардык мектептердеги айырмачылыктарды азайтууга, үй-бүлөлөрдүн кошумча каржылык жүгүн жеңилдетүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.Бишкектин жогору тарабындагы Ала-Арча жаратылыш паркында жаңы тарифтер күчүнө кирди. Парктын администрациясынын маалыматына ылайык, өзгөргөн баа 8-июндан тарта колдонулууда. Жаңы тариф боюнча, чоңдор үчүн билеттин баасы 200 сомдон 250 сомго чейин көтөрүлдү. Ал эми 7 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн кирүү акысы 150 сомдон 180 сомго жогорулады. 7 жашка чейинки балдар үчүн кирүү мурдагыдай эле акысыз бойдон калды. Ошондой эле электромобиль менен парктын аймагына кирүү акысы 800 сомдон 880 сомго чейин көбөйдү. Соцтармакта эл баанын жогорулашына түшүндүрмө берүүнү жана кыргызстандыктар үчүн өзүнчө тариф киргизүүнү сунушташууда. Белгилей кетсек, буга чейинки тарифтер 2025-жылдын 1-майынан тартып киргизилген. Ошол учурда төлөм системасы өзгөртүлүп, автоунаа үчүн эмес, ар бир кирген киши үчүн өзүнчө төлөм алына турган болгон. Ички күйүүчү кыймылдаткычы бар унаалардын паркка киришине тыюу салынып, электромобилдерге гана уруксат берилген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0c/1101840357_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d7737dcae36a5f8e5cbd296df7a0e40d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио