Sputnik агенттиги окурманга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет.
Бул саам “Ак жарык” рубрикасында мага сапарлаш, бир кезиккен маектешим болгон Майрамкан апанын жашоосуна жарыгын чачкан жалгыз бир тууганы тууралуу болмокчу.
Тээ алыска көз чаптырып, кудум бүткүл өмүрүн тасмадай көз алдынан чубалтып отургандай элес берген маектеш апам мени да ойго салып койду.
...Өмүрдө бир тууганың арка-жөлөк экен. Жашоо сага бирде балын сунса, бирде уусун берет. Кээде көкөлөп учуп, мартабаң көтөрүлсө, ошону менен бирге кардыңа эмес, кадырыңа күйгөн учурлар болот.
Бир тууган жалгыз эжем азыр 80ге жакындап калды. Экөөбүз кайда жүрсөк да санаабыз менен оюбуз бир чыккан ынак болдук. Буга ата-энеден эрте ажыраган чиедей кезибиз себепчи болгондур.
Ата-энем тирүү кезинде жайкысын жайлоодо болгондуктан, атам эжемди эркек баладай тарбиялаптыр. Аябай чыйрак кыз экен. Мен, тескерисинче, назик, уяң болдум.
Ошентип кийин орто мектепти аяктаганымда абамдар мени азыркыча айтканда колледжге киргизип коюшту. Эжем болсо өз күчү менен бухгалтер-экономист жагын бүттү. Турмушка чыгып, эки балалуу болгону менен өмүрлүк жардан жолу болбой калды. Жер жамандап барбасын, жездебиз тогуз жылда эжеме күн көргөзбөптүр.
Бирок мен жакшы адамга баш коштум. Раматылык жолдошум менен эжемдин мамилеси жакшы болчу. “Дыкыбайым” деп күйөө баласын эркелетип, барсак берерге ашын таппай калса, жолдошум да кайнежесинин алдынан кыя өткөн жок.
19 жашыбызда турмуш куруп, Нарынга келин болдум. Көп балалуу жерге бардым. Анан эжем жолдошум экөөбүздү чакыртып Караколдогу институттан окутту. Байкушум энемдин жогун билгизген жок. Сабакка кетерде тамагыбыз даяр, кайра кечинде жумуштан келе калып чучук, эт асып коёт. Орусчаны жакшы билет. Сабактарыбызды жазышып, тыйын-тыпырыбызды берип “жашсыңар, баргыла” деп киного жиберет. Жашым бир топко барып калса да эркелеп эле жүрдүм.
Өмүр бою менин калканчым болду. Көп түйшүктөрүмдү мойнуна алды. Айылга менин кайын-журтума барса да эне-атасы жок дедирбейин дегендей артынып алып барчу эле.
Бир кезде баарына жардам берип, кол сунуп турган бир тууганым эми минтип карылыкка алдырып, үйдөн чыга албай калды. Эки кызы турмушу менен алыста. Алар деле алмак-салмак карашканы менен үй-жайы бар да. Орус мүнөзүрөөк, өтө эле тазалыкка көнгөнгө эжем башка бирөөнүн үйүнө барып жашагысы келбейт.
Балдарыма абалды түшүндүрүп, үй-жайды келинге табыштап, канча өмүрү калса жанында болоюн деп эжеме бара жатам, кызым...
Апанын бул сөздөрүн угуп, турмушта ыйласам-сооронсом да чекемен сылап, мен баскан бирде бар, бирде жок турмушта энемден кийинки эле тирегим эжемди эстеп, муунум бошой түштү.
Чабалекейдей чебелектеп бир тууганын коргой күйүп-бышкан, мээрими музду ээриткен жандарга ыраазычылык!
Бир туугандарыбызга жарыгыбызды чача жүрөлү...