Бүгүн "Ак жарык" рубрикасында баяндалчу окуя 18 жыл мурда болгон экен. Курбумдун башынан өткөн окуяны окурмандар менен бөлүшүп коюуну чечтим.
— Бул окуя жыл сайын абитуриенттер шаарга келе баштаган кезде эске түшөт. 18 жыл мурда мен да ошолордой болуп, абасы салкын, тоо койнунда керилип жаткан Нарындан мен үчүн өтө эле кымгуут сезилген Бишкекке окууга тапшырганы келдим. Мектепти артыкчылык диплом менен аяктагандыктан, бул жакта окууга тоскоолдуксуз өтүп кеттим. Айылда атам кичинекей бөбөктөрүм менен калгандыктан, апам мени туугандардыкына таштап, тез эле Нарынга кетип калды. Ал кезде окууга кабыл алынган студенттерди университетке 10-15 күнгө практикалык иштерге чакырышчу.
Кийинки маршруткага отуруп, 2-3 аялдама өткөндөн кийин мурдумдан шорголоп кан агып кетти. Айласыздан жүз аарчы издегенсип сумкамды чукулап калдым, бирок ал жок экенин билчүмүн, жөн эле ыңгайсыз абалда калганымды эч кимге билдиргим келген жок.
Ошол замат жаңы эле маршруткага түшүп, арыраак жакта турган киши өзүнүн жүз аарчысын суна койду. Андайды күтпөгөн жаным алайып карап калсам, "таза, мен колдоно элекмин" десе болобу? Мен анын таза, таза эмес экенин кайдан ойломок элем, иши кылып канды бассам болду эле. Бирок анын мага кыз киши деп аздектеп, эркектин жүз аарчысын сунганына өзү бир аз ыңгайсыз болуп, таза эле деп актанып койгонун азыр ойлоп ыраазы болом.
Канды көргөндө ого бетер башым айланып, маршруткадан түшүүгө камынып калсам, жанагы киши мени менен чогуу сыртка чыкты. Чыканагыман жөлөп, аялдамадагы отургучка отургузуп, өзү ары жактан суу алып келди.
Такси менен зуулдап, бир заматта окуу жайдын алдына келип түшүп калдым. Коштошуп жатып "Бар бол, карындаш. Жакшы оку, ысыкта жаныңа суу менен жүз аарчы ала жүр" деп бир жылмайып коюп, шарт эттире машинанын эшигин жаап, жолун улады.
Ошол адамдын сөздөрүн мээме бекем түйүп калган экенмин, азыр жайкысын суусуз сыртка чыкпайм. Көчөдө айылдан жаңы келген абитуриент көрсөм эле жардам бергим келе берет. Мен тарапты карабаса деле, адашып калган жокпу же бир окуу жайда издеп жүрөбү деп бушайман боло берем.
Мага жардам берген байкенин өң-келбети эсимде калган жок, азыр көрсөм, тааныбасым анык. Бирок ошондогу жакшылыгы үчүн ыраазымын. Мага жүз аарчысын сунуп койгону деле жетиштүү болчу. Бирок өмүрүндө биринчи жана акыркы ирет көрүп жаткан адамга ушундай мамиле кылган кишилер бар үчүн дүйнө жарык окшойт деп ойлоп коём. Бар болуңуз, байке!