Sputnik агенттиги окурманга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет. Бул ирет редакцияга келген катка көңүлүңүздөрдү буруп, электриктин кылган жакшылыгын баяндаган эненин окуясын сунуштайбыз.
Сиздердин "Ак жарык" рубрикаңыздарды дайым окуп, жашоодо жакшы адамдар барына шүгүр кылып калам. Мен дагы баштан өткөн бир кызык окуяны айткым келип турат.
Күйөөм ошол жылы Россияга кеткен. Кыш мезгили, суук кез болчу. Бир күнү эле түштөн кийин саат эки-үчтөр чамасында свет өчүп калды. Атабыздын да иши жакшы болбогондуктан акча сала албай, көмүр алгыча от жакпай бир бөлмөдө үй жылыткыч менен отурганбыз. Мен болсо тигүү цехтеринен буюртма алып келип, үйдөн кийим тигип, тамак-ашыбызга акча кылып иштечүмүн.
Ошентип, эмне болду дегиче болбой эле эшик тыкылдап калды. Сыртка чыксам, короодо шаймандарын көтөргөн электрик туруптур. Ал учурашкан соң "светиңерди кыркып кетип баратам, карызыңарды төлөгүлө" деди. Мен дароо эле балдарымды ойлоп шалдырай түштүм, жиним да келип кетти.
Абалымды түшүндүрүп, бир жагынан жаман көрүп урушуп да жибердим. Карызыбыз эки миң сомдон ашып, ошол себептен кыркканын айтты.
Карасам артыман төрт балам чууруп чыгып, жарданып карап турушат. Светчи мени бир, балдарды бир карап калды.
Анан эки жакка көз жүгүрттү да он жаштагы улуу балама "балта барбы, алып келчи" деп койду. Өзү үстүндөгү күрмөсүн чечип, бастырма жакка барып илди.
Балам үйгө кирип шкафтын артындагы балтаны алып чыгып берип, өзү да жанында туруп калды. Тиги светчи бала дароо бастырмадагы дөңгөчтөй жыгачтарды чекесинен жарып, отун даярдай баштаганын көрдүм да, балдар менен үйгө кирип кеттим.
"Эртеңден калбай карызыңарды төгүп, светиңерди коштуруп алгыла. Күйөөңүз акча салганда бересиз" деп миң сом берип кетип калды. "Рахмат" деп эле нес болуп кала бердим.
Ал кеткенден кийин бастырмага барып карасам, эки-үч күнгө кенен жеткидей бир далай отунду жарып бурчка жыйып коюптур.
Мындай учурда ыйлаарыңды же сүйүнөрүңдү билбейт экенсиң. Бир чети абдан ызаландым. Жолдошума деле таарынган жокмун. Болгону сырткаркы кишиге боор ооруй турган абалда, үйдүн-сырттын түйшүгү мойнумда калганына жаман болдум окшойт. Бир чети ушундай адамдар бар экенине сүйүнүп, таң калдым.
Бул окуядан кийин уулум да “чоңойгондо электрик болом” деп калды.