00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Язык, культура и образование: как работает Евразийский центр в Бишкеке
16:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Снять будущую пенсию: кому нужно и когда разрешат
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Как изменилась экономика Кыргызстана за последние пять лет?
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Хабибдин атасы комада. Конор менен Дана Уайт анын тез сакайып кетишин каалады

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүРоссиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов. Архив
Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ЖМКлар Абдулманап Нурмагомедов коронавирусту жугузуп алды деп шектелип жаткандыгын жазып чыгышкан. Кийинчерээк ал вируска тест тапшырганын билдирип, бирок жыйынтыгы тууралуу айтылган эмес.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов оор абалда ооруканада жатат. Бул туурасында Р-Спорт агенттигине Хабибдин эң жакын досу Ислам Махачев билдирген.

Махачев Хабиб менен сүйлөшкөндө ал атасынын абалы оор экендигин айткан. Учурда Москвадагы клиникада дарыланып жатканын кошумчалаган.

Р-Спорт агенттигинин маалыматы боюнча, буга чейин ЖМКлар Абдулманап Нурмагомедов коронавирус жугузуп алды деп шектелип жаткандыгын жазып чыгышкан. Кийинчерээк Нурмагомедовдун улуусу вируска тест тапшырганын билдирип, бирок анын жыйынтыгы тууралуу айтылган эмес. 5-майда ооруканага жаткырылган.

Ал арада Абсолюттук мушкерлер уюмунун башчысы (UFC) Дана Уайт Instagram баракчасы аркылуу Абдулманап Нурмагомедовго батыраак сакайып кетишин каалаган.

"Абдулманап Нурмагомедов чыныгы машыктыруучулук сапатка, урмат-сыйга ээ киши. Ал ушундай баалуулуктарды өзүнүн баласына, дүйнө чемпиону Хабибге кичинекей кезинен баштап үйрөткөн жана карьерасынын түптөлүшүнө салымы чоң. Мен Хабибдин атасына канчалык жакын экендигин билем. Анын азыркы абалы жөнүндө угуп абдан капа болуп турам", — деген Уайт Instagram аккаунтунда.

Ошондой эле ирландиялык белгилүү мушкер, Хабибдин эзелки атаандашы Конор Макгрегор дагы Twitter баракчасына Нурмагомедовго колдоо сөздөрүн жазган.

​"Абдулманап Нурмагомедовдун айыгып кетишин тилейм. Ал көптөгөн мушкерлерди таптап чыгарып, элге таанытканын билебиз. Аралаш мушташ өнөрүнүн чыныгы генийи. Ооруганын угуп жаман болдум. Мен Нурмагомедовдун үй-бүлөсү үчүн тилек кылып жатам", — деген Макгрегор.

Мындан тышкары, социалдык тармактар аркылуу бир катар спортчулар Нурмагомедовдун улуусунун сакайып кетишин каалап, билдирүүлөрдү калтырып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0