Дээрлик эки айдан бери эшигин кара кулпу кайтарып турган ишканалардын көпчүлүгү карантин аяктаган күндө дагы оңой менен бутуна тура албасын божомолдогондор көп. Мындан улам Sputnik редакциясы пандемия Кыргызстанда бизнестин кайсы түрүн бүк түшүрүп же токтотуп салышы мүмкүн экенин адистерден сурап көрдү.
Экономист Расул Түлеевдин пикиринде, эч бир тармак таптакыр эле токтоп калбайт. Кыргызстанда машина куруу, тиричилик техникасын өндүрүү сыяктуу ишмердүүлүк менен алектенген ири завод-фабрикалар жок.
"Ал эми бизнестин Кыргызстандагы азыркы түрлөрү бир нече ай кыйналып, бирок бутуна туруп кете алат", — деди Түлеев.
Ал эми финансы жана экономика боюнча көз карандысыз серепчи Сейтек Байгуттиев кайсы гана тармак болбосун, кыйынчылыкка мамлекет же донорлор тарабынан колдоо көрбөгөн ишкерлер кептелет деген пикирде.
"Кандайдыр бир төлөм, дотацияларды алып турбаган жеке ишкерлер, коммерсанттардын ишин улантып кетиши татаал болот", — деди Байгуттиев.
ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров ишкерликти токтотуп турууга аргасыз кылган эки ай бизнестин бардык түрүнө чоң жоготууларды алып келгенин айтат. Анын пикиринде, көп нерсе мындан аркы эпидемиологиялык абал жана чектөөлөрдөн дагы көз каранды.
"Азыр кандайдыр бир божомол айтууга эрте. Болгону тейлөө, курулуш, туризм, даяр тамак-аш сатуу тармактары абдан жабыркап турганын айта алам. Карантин жоюлгандан тарта ишкерлик чөйрөсү орто эсеп менен 5-6 айдын аралыгында тыңый баштайт деп ойлоп жатабыз", — деди Пакыров.
Бирок мынча убакытка созулбай эле иши жүрүшүп кете турган тармактарга: медицина, IT, тамак-аш өндүрүү жана айыл чарбасын кошту.
Өнүгүү демекчи, "БизЭксперт" аналитикалык борборунун негиздөөчүсү Улук Кыдырбаев айрым жоготуулардан пайда издеп, башка тармактарды өнүктүрсө болорун айтат.
"Эпидемиологиялык абал жакшырса, ички туризмди алдыга сүйрөсөк болот. Мунун аркасы менен 30 жылдан бери сазга батып турган авиациябызды оңдоого шарт түзүлөт. Мисалы, Оштон Ысык-Көлгө, Нарындан Баткенге учак каттатып, эл анын кызматын пайдаланганга эмнеге болбосун? Бактыга жараша, бардык облустарыбызда аэропорт бар. Болгону билет баасын карапайым элге жеткиликтүү кылышыбыз керек", — деди Кыдырбаев.
Ошондой эле ал дистанттык түрдө иштөөнү жолго коюп, кеңсе ижарасынан үнөмдөөнү өздөштүрсө болорун кошумчалады.
Ишкерлерди колдоо
Ал эми кечээ вице-премьер Эркин Асрандиев өкмөт ишкерлерди колдоо максатында рыноктогу чектен эки-үч эсе арзан кредит берүүнү пландап жатканын айтты. Ага чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул максатта ар кайсы булактардан 40 миллиард сом табылганын билдирген эле.
Жанданган ишкерлик, тартип бузуу...
Белгилей кетсек, 1-майдан баштап өнөр жай, өндүрүш, курулуш, транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө кызматын көрсөткөн тармактар иштей баштады. Муну менен катар мамлекеттик жана жеке нотариустар, чач тарач жана салондор, патенти бар таксисттер эмгектене баштаган.
Бирок иштөөгө мүмкүнчүлүк берилген ишканалардын арасында санитардык-карантиндик талаптарды толук аткарбай жаткандар бар. Мисалы, Ош облусунда 80 ишкана ишин баштай элек жатып, эрежелерди сактабагандыгы үчүн кайрадан жабылды.
Бишкекте канча ишкана эшигин жапкан
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 906га жетип, анын ичинен 650сү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды. Дүйнөдө COVID-19га чалдыккандардын саны 3,8 миллиондон ишты. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылган, ага каршы вакцина табыла элек.