Кредит алгандардын карызы өспөйт! Улуттук банктын жаңы токтому чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Национального банка Кыргызской Республики
Здание Национального банка Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн башкы банкы ишкерлерди колдоо максатында токтом кабыл алды. Анда элге кредит берген банктарга карата бир катар талаптар коюлган.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Улуттук банк коронавирус көйгөйүнө байланыштуу бизнести колдоо максатында банктарга жана финансы-кредит уюмдарына карызга акча алган жарандардын төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кеминде үч айга узартуу талабын койду.

Улуттук банк 18-мартта кабыл алган токтомунда финансы уюмдарына карата мындан башка дагы бир катар талаптар тизмектелген:

Кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана алууга тыюу салынат;

Коомдук транспортту дезинфекциялап жаткан кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун кесепетин жоюуга Кыргызстан 1 млрд. сомдон ашуун акча жумшайт
Кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы, талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн карыз алуучуларга карата айыптык төлөмдөр, анын ичинде кошумчаланган айыптык төлөм (туум) салууга жана алууга тыюу салынат;

Берилген кредиттер боюнча төлөмдөрдү кеминде үч айга узартуу сунушталат;

Кредиттик келишимдердин шарттарын өзгөрткөн учурларда, анын ичинде реструктуризациялоодо, ишкердин ишине коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алууга байланыштуу киргизилген чектөөлөр таасирин тийгизген карыз алуучулардын кредиттерине мониторинг жүргүзүүдө кредиттерди классификациялоо категориясын начарлатпоого уруксат берилет.

"Бул чаралар өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кырдаалга жараша Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандагы коронавирус

Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталды. Үчөө тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Бул адамдар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда.

Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар бир айлык маянасын коронавирус менен күрөшүүгө бөлүүнү сунуштады
Ооруну жуктурган үч адам менен кошо бир каттамда Кыргызстанга 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияда. Мындан сырткары, 300дөн ашык адам карантинде. Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Кыргызстан четөлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизди.

19-мартта Жалал-Абад облусунда COVID-19 вирусунун клиникалык белгилери бар дагы үч адам ооруканага жаткырылды.

Кыргызстанда коронавируска байланышкан бардык маалыматтарды биздин тексттик трансляциядан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0