Ырчыларды монитордон баалоо оор болот. "Ялтага карай жол" фестивалы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРФ эмгек сиңирген артисти Денис Майданов. Архив
РФ эмгек сиңирген артисти Денис Майданов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ялтага карай жол" эл аралык музыкалык фестиваль онлайн-форматта өтмөй болду. Кесипкөй ырчылар Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы ырларды өз үйүнөн аткарышат. Калыстар тобунун мүчөсү чоо-жайын айтып берди.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. 8-май күнү "Культура" телеканалында "Ялтага карай жол" деп аталган эл аралык музыкалык фестивалынын жарым финалы өтөт. Апрелдин аягында чет элдик музыканттар Крымга чогулуп, Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу советтик ырларды аткарышмак. Бирок пандемиядан улам уюштуруучулар иш-чараны онлайн-форматка өткөрүүгө аргасыз болушту.

Фестивалдын башкы максаттары жана артисттерди монитордон баалоо тууралуу Sputnik агенттигине конкурка калыстык кылган топтун мүчөсү, РФ эмгек сиңирген артисти Денис Майданов айтып берди.

Мыктыны тандоо оор болот

Конкурс  Дорога на Ялту - Sputnik Кыргызстан
Согуш ырларын жаңырткан чет элдиктер. "Ялтага карай жол" фестивалынын башаты
Калыстар тобу Израиль, Италия, Латвия, Португалия, Индонезия, Таиланд, Кытай, Испания, Польша, Франция, Сербия, Германия, Аргентина, Албания жана Кубадан 15 ырчынын номерин тыңдап, баалашы керек.

Өз үйлөрүнөн конкурска катышып жаткан ырчылар эфирге чыгып, өз тилинде "Темная ночь", "Землянка", "Здесь птицы не поют", "Журавли" "Смуглянка" жана башка ырларды жаңыртышат. Андан соң калыстар онлайн режимде өз баасын берип, катышуучулар менен баарлашмакчы.

Денис Майданов катышуучуларды монитор аркылуу баалоо оңой иш эмес экенин айтат.

"Ар бир аткаруучунун өзүнүн өзгөчөлүгү болот, аудиторияга таасири да ар башка эмеспи. Жанында туруп баалоого эмне жетсин, бирок азыркы кырдаал да башкача болуп жатпайбы. Дүйнө жүзүндөгү эл бири-биринен обочолонуп калды", — деди Майданов.

Артисттин маегин толук окуп, фестиваль тууралуу кенен маалымат алсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0