00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзгөн медициналык окуу жай
11:08
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Школа в цифре: как в Кыргызстане создают единую образовательную экосистему
12:08
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Батырбекова: бала ата-эненин жүрүм-турумун толугу менен көчүрүп алат

© Sputnik / Асел Сыдыкова"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова
Данакер үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Нуриза Батырбекова эгер ата-эне урушуп кетип, балдарынын көзүнчө бири-биринен кечирим сураса, бул аларга үлгү болуп берерин айтты.
Батырбекова: бала ата-эненин жүрүм-турумун толугу менен көчүрүп алат

Үй-бүлө мүчөлөрү менен пикир келишпестик болуп кетсе, "биз эмне үчүн урушуп жатабыз, бизге бул нерсе эмне берет?" деп өзүңөргө суроо узатсаңар, болбогон нерсеге урушуп жатканыңарды түшүнүп, конфликт да токтоп калат. Эгер адам биринчи кечирим сураса, бул анын күчтүү экенин белгилейт. Бул тууралуу Нуриза Батырбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ата-эне үйдө өзүнүн жүрүм-турумуна көңүл бөлүшү керек. Себеби бала чоңдор кылган нерсени толук көчүрүп алат.

"Эгер жолдошуңуз же жубайыңыз менен араздашып калсаңыз, ошол жерден өзүңүздү дароо токтотуп, "мен бул адам менен гана ушинтип уруша беремби же башкалар менен деле конфликтке барамбы?" деген суроого жооп издеши керек. Чын эле адам үйдө отура берип буулуктубу же өзүнүн мүнөзү ушундайбы? Эгер үйдө телевизор же башка нерсе талашып урушкан болсо, анда келишип алган туура. Мисалы, кинону саат үчтөн алтыга чейин мен көрөм, жетиден кийин сен көрөсүң деген сыяктуу. Үй жумуштарын аткарып жатканда деле бөлүшүп алган жакшы. Колдон келсе график түзүп алсаңар абдан сонун болот. Алсак, эртең менен туруп гимнастика, андан соң тамак жасоо, түштө китеп окуу же болбосо эшикке чыгып дем алуу, андан кийин үй тазалоо деген сыяктуу. Ушул жерден кошумчалап кетсем, үйдө биргеликте кооздоп даамдуу, пайдалуу тамак жасап жесе, бул дагы кубаныч гормонун бөлүп чыгарганга жардам берет. Эгер кызык болсо, когнитивдүү жүрүм-турум терапиясы тууралуу жетон экономикасынан интернеттен кененирээк окуп алсаңар болот. Буга кошумча, үйдө отурган адам өзүн-өзү өнүктүргөнгө аракет кылып, ошону менен бирге балдардын окуусуна көңүл бөлүшү керек. Бул ошол эле онлайн-курстар, китептер, анан балдар менен бирге сүрөт тартуу. Мисалы, сүрөттү чоңдор да, балдар да түрдүү боектор менен тартса, ичтеги терс энергияларды чыгарып салууга мүмкүнчүлүк бар. Андан тышкары, тигүү, түймө түйүү, машина же башка техникаларды оңдоо адамга жакшы энергия берет", — деди Батырбекова.

Психолог азыркы кырдаал өзүмчүл балдарды адамдар менен аралашып, чогуу иш кылганга көндүрүүгө ыңгайлуу учур экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0