БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өз каалоосу менен кызматынан кетти. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Исаков өзү тастыктады.
Өзүнүн айтымында, ал буга чейин ооруканада дарыланып жаткан.
"Кан басымым жакшы болбой ооруканага жатып дарыланып чыктым. Азыр абалым жакшы, үйдөмүн. Кайсы кызматка сунуш болсо, иштеп берүүгө, тажрыйбам менен бөлүшүүгө даярмын", — деди Исаков.
Төлө Исаков бул кызматка ушул жылдын январь айынын соңунда келген. Ага чейин ал Ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөл департаментинин директору болуп иштечү.
Эскерте кетсек, кечээ саламаттык сактоо министри эки орун басары жок иштеп жатканы айтылган болчу.