Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги анын эмгек жолун, чыгармачылыгын эскерип, окурмандарга өмүрүндөгү кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Саякбайдан бата алган өспүрүм. Уркаш Мамбеталиев 1935-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы согуш талаасында курман болуп, уялаш агасынын колунда өскөн. Тоодо кой кайтарып жүрүп 10 жашында аян алып, бир нече күн катуу ооруп, кыйналып жүрүп, бир жылдай мектепке барбай калган. Ошондо жакындары элди чогултуп, кан чыгарып түлөө өткөрүп, бала манасчылык өнөрдү аркалап калган. 1946-жылы элетке Саякбай Каралаев келип, өспүрүм бала залкардын алдында манас айтып батасын алган жайы бар. Кийин Фрунзе шаарына келип музыкалык окуу жайга тапшырып, манасчылык өнөргө баш-оту менен кирген.
Аскердеги кыйынчылык. Ыр-күүгө жакын жаш манасчы училищени бүтүп аскерге кеткен. Бирок ал жактан Уркаш уктап жатып түн ортосунда кыйкырып-өкүрүп манас айтып жоокерлерди таң калтырган. Муну манасчы өзү дагы билбей калчу экен дейт баласы Канат Мамбеталиев. Мындай окуя кайра-кайра кайталангандыктан офицерлер ден соолугун текшертип, дарыгерлер себебин таба албай коюшкан. Ошентип аны үч айдан соң аскердик кызматтан бошотуп коюшкан.
Дүйнө кезген залкар. Эмгек жолун Каракол шаарындагы драма театрында баштап, ошол эле жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына кирип, ал жакта узак убакыт иштеген. Ортодо Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдындагы студияны аяктаган. Ошол жылдары улуу эпосту симфониялык оркестрдин коштоосунда айтып, талаа-түзгө, кокту-колотко гастролдоп чыгып манасчылык өнөрдү калың элге жайылтып, Түркия, Россия, Кытай, Бельгия, Пакистан, Афганистан, Италия, Японияга чейин барган. Андан сырткары, Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы манасты 28 сааттык көлөмдө радиого айтып жаздыртып, улуу манасчынын вариантына экинчи өмүр берген.
Манасчы, акын... СССРдин Жазуучулар союзунун мүчөсүнүн колуна калем алып ыр жазмай өнөрү да болгон. Анын "Көктөм" аттуу биринчи ырлар жыйнагы 1968-жылы окурмандарга сунушталган. Кийин "Жол ырлары" (1972), "Тоо жылдызы" (1975), "Ашуу" (1979), "Алтын аяк" (1982), "Таазим" (1985) деген ыр, поэмалары жарык көргөн. Ошондой эле Уркаш Мамбеталиев жазгыч манасчылардын катарына да кирет. Ал "Семетейди" кагаз бетине түшүргөн, кийин ал эмгек окурмандарга сунушталган.
Техникадан алыс болчу. КРдин эл артисти 61 жашында эмгек эргүүсүнө чыгып, кийинки жылдары шакирттерди тарбиялоо менен алектенген. Өтө жөнөкөй, кичи пейил, талашып-тартышканды көп жактырбаган бала кыял инсан болгонун замандаштары, уул-кыздары айтып келет. Жубайы экөө эки уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн. Учурда балдары билим берүү, спорт, журналистика тармактарында эмгектенип келет. Манасчынын техникадан өтө алыс болгону айтылат. Ал автоунаа айдамак түгүл үйдөгү электр, газ жабдыктарын колдончу эмес. Бирок комуз, домбура, фортепиано өңдүү бир нече аспапта кол ойнотчу.
Жыйындагы шум ажал. Кыргызстан элинин ассамблеясынын 2011-жылдагы VII курултайында Мамбеталиевдин ден соолугу начарлап Тез жардам кызматы чакырылган, бирок ак халатчандар анын өмүрүн сактай алган эмес. Манасчы 2011-жылы 78 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.