Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакиров: саясий партияларды мамлекеттик колдоого алуу сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров. Архив
Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзам 1999-жылы 25-майда кабыл алынып, учурда ага өзгөртүүлөр киргизүү сунушталып жатканын айтты.
Бакиров: саясий партияларды мамлекеттик колдоого алуу сунушталууда

Шайлоодо эки пайыз босогодон өткөн саясий партияларды мамлекет тарабынан каржылоо сунушталууда. Максаты — партиялардын сапатын жакшыртуу. Бул тууралуу Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун азыркы редакциясындагы сунуш боюнча, саясий партияларга каражат ошол партиялардын күрөөгө төккөн акчасынан алынып, анын кандайча иштетилип жатканын БШК көзөмөлгө алат.

"Саясий партиялар жөнүндө" мыйзам 21 жылдан бери иштеп келе жатат. Ал кабыл алынгандан тарта өлкөдө көп өзгөрүүлөр болду. Демек аталган мыйзам дагы жаңыланууга тийиш. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, саясий партиялардын иш-аракеттеринин, каражат жүргүзүүсүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо, партиялык тизменин сапатын тартипке келтирүү каралган. Мындан тышкары, саясий партияларды мамлекеттик колдоого алуу сунушталууда. Шайлоого катышкан партиялар күрөө катары каражат төгөт. Парламентке өткөндөрү аны кайтарып алат. Мына ошол өтпөй калган партиялардан чогулган каражат шайлоодо эки пайыздан көп добуш алган партияларга бөлүштүрүлүп берилет. Азыр эки пайыз деп көрсөтүп жатабыз, бирок менин жеке пикиримде, беш пайызга чейин көтөрүү керек. Муну экинчи окууда сунуштайм. Ошондой эле сунушталып жаткан мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорунда партияларды сырттан, чет өлкөдөн жана мыйзамсыз булактардан каржылоого тыюу салынат", — деди Баккиров.

Эл өкүлү "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзамына киргизилип жаткан сунуштар партиялардын санынан сапатка өтүүсүнө мүмкүнчүлүк бере турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0