Бейшембиге карата аба ырайы

© Фото / Pixabay/ Free-PhotosДождь в КР
Дождь в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-февралда республика боюнча мезгил-мезгили менен жамгыр себелеп, айрым жерлерде карга айланат. Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгалак болот.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бейшемби күнү, 27-февралда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күндүн көзү бузулуп, катуу шамал болот. Көчкү түшүү коркунучу бар аймактар
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +3…+8, Таласта +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +4…+9, Ысык-Көлдө +5…+10 градус жылуу болсо, ал эми Нарында термометрдин көрсөткүчү 0…+5 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. Күндүн табы борбор калаада +6…+8, Ошто +7…+9 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0