Томторду томсорткон суук. Аяздуу аймактын турмушунан баян

© Sputnik / Айар Варламов / Медиабанкка өтүүСильные морозы в Якутии
Сильные морозы в Якутии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Томтор — ар кардуу якутиялык мейкиндиктин койнуна жашынган кичинекей кыштак. Бул баян өзгөчөлүгү болбосо деле туристтердин тобу агылган дал ушул аймак тууралуу.

Айылдын спорт залы, мектеби, ооруканасы, администрациясы, клубу, бир нече музейи жана дүкөнү бар. Планетанын калк жайгашкан эң суук жерлеринин бири ушул. Азырынча меймандар "якут салютуна" суктанышат, салют дегенибиз — абада тоңгон кайнак суунун чачырандысы. Андан тышкары, туристтер ысык булактардан улам эч тоңбогон дайрага муздактыгы 60 градус экенине карабай түшүшөт. Жергиликтүү жашоочулар меш жагышат, жылкынын этин жешет, жылкычылык жана бугучулук менен алектенишет. Сууктун уюлунда алар кандай турмуш кечиришери туурасында РИА Новости агенттигинин макаласынан окуңуздар.

Узак жол

Якутскиден Томторго чейин 900 чакырым, автомобиль менен бир сутка жол жүрөсүң. Жолдун басымдуу бөлүгү федералдык трасса менен өтөт, ал жол Оймякон улусунун борбору, Усть-Нера кыштагынын жанынан Саха Республикасы аркылуу Магаданга барат. Бирок Томторго чейинки соңку 150 чакырым — "жергиликтүү маанидеги" талкаланган жол. Кышында го өтүш оңой, ала шалбыртта жол бузулат.

"Эми УАЗ менен өтүүгө болот", — деп кыска-нуска сүрөттөшөт мезгил алмашкан маалдагы жергиликтүү транспорттук каттамды мындагылар. Ошондой болсо да Томтордо күн жылууда учак бар, билет баасы 13 миңден жогору турат. Машина менен эки эсе арзанга түшөт, ошол себептен аба транспорту көп пайдаланылбайт.

"Якутскиге дейре жол жакшы, такси жүрөт. Дурус эле, баары эбак көнүп бүтүшкөн, — дейт пенсионер Валентина Прокопьева, - Бирок жазында же жайкысын кыйын. Кар эриген кезде жол дайым бузулат, суу, ылай, көлчүк толот". Өмүр бою Томтордо жашаган улгайган якутиялык аялды талкаланган жол таңгалдыра албайт.

"Жаштайынан көнүшкөн"

Эгер Томтордун тургундары "суук" дешсе, демек, сыртта минус 60. Россиянын борбордук бөлүгүндө эң суук деп эсептелген минус 40 бул жактарда аяз деп эсептелбейт.

"Күн ысыса жаман, биз башка шарттарга көнгөнбүз. Минус 40 — бул биз үчүн жакшы эле, демек, жаз келгени. Жаштайыбыздан ушундай шартта жашайбыз. Эң аяздуу күндөрдө минус 60ка чейин барат, андайда көчөгө дээрлик чыкпайбыз", — деп түшүндүрөт Прокопьева.

Великий Устюг шарынан келген Аяз ата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жомок дүйнө! Туристтер агылган калаалар
Томтордун борборунда үйлөрдүн көбү борбордук жылуулук тутумуна туташтырылган, чет жакасында күнүнө эки-үч ирет от жагышат.

"Бир машина отунду 12 миңге сатып алабыз. Бизге бир кыштан чыгууга эки машина отун керек, ошондо жылуулоого 24 миң кетет. Башкалардын үйлөрү чоңураак, алар мындан да көп отун сатып алышат", — деп айтып берди Прокопьева.

"Ушул тапта баарын борбордук жылуулук тутумуна туташтырууну ойлонуп жатышат, антпесе кыштактын айланасында отун калбай калды", — деп кошумчалады Василий Иванов. 

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүТуристтер эстелик белгинин алдында
Томторду томсорткон суук. Аяздуу аймактын турмушунан баян - Sputnik Кыргызстан
Туристтер эстелик белгинин алдында

"Эл катары эле жашайбыз" деген жергиликтүү калк жашоо шартынан бөтөнчөлүктү байкашпайт. "Мен үчүн эч кандай өзгөчөлүгү деле жок, кандай болушу керек болсо, ошондой эле. Туристтер келип алып эле биздин мындай суукта, анан да жетүүгө татаал кыштакта кантип күн кечирип жатканыбызга таңданышат", — дейт эзелки томтордук тургун Инна Гладышева (ысымы өзгөртүлдү).

Бирок, албетте, кышка улам камылга көрүүгө туура келет: Якутия, айрыкча Томтордо бул кадыресе иш — жаз алды терезени жуугандай эле кеп.

"Машиналарда — эки кат айнек, салондо кошумча меш. Кыймылдаткычын пенофол же башка нык материал менен жылуулашат. Кышкысын моторду өчүрүшпөйт, он мүнөттөн ашык өчүрүлсө эле иштин бүткөнү. Гараж зарыл, бирок улам от жагып жылытып туруш керек. Негизинен шуба, унта киебиз. Жаштар канаттуунун жүнү салынган күрмө менен кыштан чыгышат", — деп майда-чүйдөсүнө чейин айтып берди Гладышева.

Василий Ивановдун айтымында, кыш мурдагыдан жеңил тартып баратат: "Соңку үч-төрт кыш жылдан-жылга жылуу. Мурун үч ай минус 60 болуп турчу".

"Табият менен таттуу мамиледебиз"

Пенсионер Валентина Прокопьева Оймякон улусунда туулган. 9-класста окуп жүргөндө Томторго келген. Мектепти аяктап, турмушка чыгып, балдарды тарбиялаган. Азыр шаарда турган кызы аны неберелери менен бирге туруусун өтүнүп, көчүрүп алган. Туулган кыштагын сагынганын моюнга алат, себеби бөтөн жердин суусу да бөлөк, "берекесиз" эмеспи.

Томтордун туристтик жайларынын бири — тоңбогон дайралары. Дайралардан айырмаланып башына чейин ак бубак баскан бак-дарактары, ак кар төшөлгөн жээги көз жоосун алат. Дал ошол себептен дайрада сууга түшүү көп туристтердин программасында сөзсүз камтылат. 

© Sputnik / Фаламов / Медиабанкка өтүүОймякондогу кыш (сууктун болжолдуу Түндүк уюлу)
Томторду томсорткон суук. Аяздуу аймактын турмушунан баян - Sputnik Кыргызстан
Оймякондогу кыш (сууктун болжолдуу Түндүк уюлу)
"Ысык булактар жердин түбүнөн атат, ошондон улам дарыя тоңбойт. Суу — эки-үч градус жылуу, термалдык эмес. Жергиликтүү жашоочулардан да сууга түшкөндөр бар, бирок аз. Негизинен бул туристтер үчүн", — дейт Иванов. Бирок бул эрмек баарына жага бербейт.

"Меймандар келип, сууга түшкөнү мага жакпайт. Бизде суу таза, туптунук, түбүндөгү таштар көрүнүп турат. Биз дайрадан суу ичебиз, табият тартуулаган нерселердин баркын билебиз. Ал түгүл чокунуу күнү да дайрага түшпөйбүз. Шаарда суу ичсем, суусун канбайт, ал эми бизде бир кружка суу ичсең сергий түшөсүң", — дейт Прокопьева.

Цивилизациядан узакка оолак калган бул кыштактын өз салт-санаасы сакталып калган. 

© Sputnik / Айар Варламов / Медиабанкка өтүүОймяконго Германиядан келген турист кыз
Томторду томсорткон суук. Аяздуу аймактын турмушунан баян - Sputnik Кыргызстан
Оймяконго Германиядан келген турист кыз

"Биз кечкисин кыйкырбайбыз, жаратылышты коргойбуз. Туристтер келип алып: "Оймякондомун, сууктун уюлу бул, мында сууга түшүп жүрүшөт!" – деп кыйкыра беришет. Алар бул жактан кетишкенде бир нерсеге кабылары турган иш. Биз антип мактанууга даай албайбыз, акырын-акырын жүрөбүз. Туристтерден эч пайда жок. Кыштакка бир пайдасы тийсе дейсиң, алар келип алып бул жердин баары алар үчүн жаралгандай мамиле кылышат", — деп кыжырданат Валентина.

Кубаттуу азыктанбасаң...

Жергиликтүү жашоочулардын көбү жылкы багат. Негизинен тамак үчүн багышат. Якутияда алардын өзгөчө түрү бар: жапалдаш жылкылар кышкы азыгын өздөрү камсыздайт, кар түбүнөн чөп тээп жешет. 

© Sputnik / Яковлев / Медиабанкка өтүүОймякондо сууктун уюлунда 60 градустук аязда жаштар кар менен жуунуп жатышат
Томторду томсорткон суук. Аяздуу аймактын турмушунан баян - Sputnik Кыргызстан
Оймякондо сууктун уюлунда 60 градустук аязда жаштар кар менен жуунуп жатышат
"Көбүнесе жергиликтүү азыктарды: тай, бугунун этин жана балык жейбиз. Баары кубаттуу, майлуу. Антпесе, вегетариандар бул жакта жашай албайт, белогу мол тамак жеш керек. Дүкөндөрдө баары кымбат, картошканын килограммы 75 рубль. Күнөскана жана парниктерде жашылча өстүргөн фанаттар бар. Бирок бул чоң түйшүк, ичинде жайкысын от жагыш керек", — дейт Иванов.

"Көзөмөл күчөп жатат, бирок пайдасы жок"

Василийдин айтымында, калк көбүрөөк аңчылык кылуу жана балык уулоо менен жан багат.

"Кыймылдап жүргөн жана кубат боло турган нерселердин баарына — багыш, жапайы бугу, коен, өрдөккө ууга чыгышат. Азыр чектөө киргизишкен: күнүнө он балык гана кармалат жана экиден ашык тор жайылбайт, анан калса аларды каттап, белги салыш керек. Бул акылга сыйбайт. Көзөмөл күчөтүлүүдө, бирок пайдасы жок. Райондун борборунда артелдер (адамдардын биргелешкен колхоз сымал уюму) иштейт, алар Москвада катталып, салыкты ошол жакка төлөшөт. Аймакка эч нерсеси калбайт", — деп кейийт Василий. 

© Sputnik / В. Яковлев / Медиабанкка өтүүймякон кыштагындагы суу камылгасын көрүү
Томторду томсорткон суук. Аяздуу аймактын турмушунан баян - Sputnik Кыргызстан
ймякон кыштагындагы суу камылгасын көрүү

Өзү бир нече жыл мурун Якутскиге жер которгон. Бирок Томторго каттайт, туугандары калган ал жакта. "Үй-бүлөмдү багыш керек, ал эми кыштакта иш жок, суук, шарт түзүлгөн эмес, — деп түшүндүрөт ал. — Советтер Союзунун убагында камсыздоо жакшы болчу, азыр ар ким өз арбайын өзү согот. Мектеп, оорукана, Турак жай жана коммуналдык чарба — негизги иш орундары ушулар. Томтордо кайдан иш чыкса, ошол жердин баарында пилорамщик, жылкычы, от жаккыч болуп иштедим.

Весна в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Ялтадан Сочиге дейре: Россиянын түштүгүндөгү түгөнбөгөн кызыктар
Ал эми Томтордун тургуну Инна Гладышева башкача көз карашта: "Иш бар. Азыр жеке ишкерлик (транспорттук кызмат, дүкөн, мейманкана, туризм) жана жылкычылык жакшы өнүгүүдө. Жаңы мектеп курулду, бала бакча, китепкана, клуб, спорт зал бар, концерт, мелдештер өтөт", — деп санап берди ал.

Жергиликтүү калк Якутияга мүнөздүү болгон бугучулук менен алек: кызматкерлерди жалдаган бригадалар иштейт, муундан-муунга өтүп келген жерлерде мал жайган жеке чарбалар бар.

"Жылуу жакка жылбайм"

Шаарга жер которгон туугандарынын ал-жайын суроого, доктурга көрүнүүгө же эмгек өргүүсү үчүн гана болбосо, жергиликтүү калк кыштактан көп деле чыкпайт. 

"Жайкысын мүмкүнчүлүгү болгондор деңизге барып келишет", — дейт Василий Иванов. Ошентсе да андай эс алууга баарынын эле шарты туура келе бербейт.

© Sputnik / В. Яковлев / Медиабанкка өтүүЯкут АССРи. Оймякон району
Томторду томсорткон суук. Аяздуу аймактын турмушунан баян - Sputnik Кыргызстан
Якут АССРи. Оймякон району

"Каникулду адатта баары Якутскиде өткөрүшөт, чет өлкөгө чанда чыгышат, анткени өтө кымбат. 2018-жылы мен Вьетнамда болдум, анткени түз каттаган учак бар. Бир жакка учайын десең, отпусканын баары эле жолго кетет", — деп кошумчалайт Гладышева.

Тобольский кремль - Sputnik Кыргызстан
Сибирь саякаты: Распутиндин отургучуна отурган барбы?
Томтордо оорукана болгону менен жашоочулар медициналык жардам алуу үчүн райондун борбору Уст-Нерага көп каттоого аргасыз. Якутскиге караганда жакыныраак, бирок анын деле аралыгы дээрлик 500 чакырымдай жол.

"Мында оорукана бар, бирок алгачкы жардам гана көрсөтөт. Эгер оору күчөп же оор сезгенүү болсо, райондун борборуна аттанууга туура келет. Бир тарапка эле сегиз, кээде он эки саатка чейин жол жүрүш керек", — деп белгилейт Инна. Ушундай катаалдыктарга карабастан: "Жылуу жактарга баары бир көчпөйт болчумун. Мында баары көңүлүмө төп", — деп көшөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0