Көк бөрү мелдешине Ак-Талаа, Нарын, Жумгал, Ат-Башы, Кочкор райондорунан жана Нарын шаары менен талаа ээси Казыбек айылынан түзүлгөн жети команда катышты. Финалда Жумгал районунун командасы Ак-Талаанын улакчылары менен күч сынашып, 3:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми Кочкор районунун көк бөрүчүлөрү 3:2 эсебинде Казыбек айылынын командасын утуп, 3-орунду алды.
Натыйжада баш байгеге Lada 2109 үлгүсүндөгү автоунаа, экинчи орунга тай, үчүнчүгө 10 миң сом ыйгарылды.
Аталган спорттук иш-чара Казыбек айылынын тургундарынын демилгеси менен уюшулган.
Жакында эле Ат оюндары федерациясы түзүлүп, ага эр сайыш, тыйын эңмей, кыз куумай жана жигитчилик өнөрү кирген. Алардын оюну да ушул жерде өтүп, тушоосу кесилди.
Мындан сырткары, бүркүт салуу, тайган агытуу жана жаа атуу боюнча салбуурун да өттү. Катышуучуларга медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар берилди.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыз куумайда жигитке жеткирбей чаң ызгыта чаап бараткан белгилүү каскадер Диана Ашырбаева
Кыз куумайда жигитке жеткирбей чаң ызгыта чаап бараткан белгилүү каскадер Диана Ашырбаева
© Sputnik / Табылды КадырбековКыз куумайдын эрежеси боюнча, эгер кыз жигиттин артынан кууп жетип алса, дал ушинтип камчы менен урат
Кыз куумайдын эрежеси боюнча, эгер кыз жигиттин артынан кууп жетип алса, дал ушинтип камчы менен урат
© Sputnik / Табылды КадырбековАт жалында ойногон жигиттер эл алдында өнөрүн тартуулашты
Ат жалында ойногон жигиттер эл алдында өнөрүн тартуулашты
© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук оюндардын бири - тыйын эңмей. Эреже боюнча атты чаап баратып жердеги тыйынды эңип алуу керек
Улуттук оюндардын бири - тыйын эңмей. Эреже боюнча атты чаап баратып жердеги тыйынды эңип алуу керек
© Sputnik / Табылды КадырбековЖакында эле Ат оюндары федерациясы түзүлүп, ага эр сайыш, тыйын эңмей, кыз куумай жана жигитчилик өнөрү кирген.
Жакында эле Ат оюндары федерациясы түзүлүп, ага эр сайыш, тыйын эңмей, кыз куумай жана жигитчилик өнөрү кирген.
© Sputnik / Табылды КадырбековКаскадерлор эң опурталдуу оюндарды да көрсөтүп Ат-Башынын тургундарын таң калтырышты
Каскадерлор эң опурталдуу оюндарды да көрсөтүп Ат-Башынын тургундарын таң калтырышты
© Sputnik / Табылды КадырбековАт жалында ойногон Диана Ашырбаева дээрлик беш жылдан бери улуттук ат оюндарын көркүнө чыгарып келет
Ат жалында ойногон Диана Ашырбаева дээрлик беш жылдан бери улуттук ат оюндарын көркүнө чыгарып келет
© Sputnik / Табылды КадырбековАк кар баскан тоонун этегинде Кыргызстандын желегин желбиретип ат чаап бараткан жигиттер
Ак кар баскан тоонун этегинде Кыргызстандын желегин желбиретип ат чаап бараткан жигиттер
© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук оюндарды көк бөрүсүз элестетүү кыйын. Бул спорттук иш-чарада дагы улакчылар бүйүр кызыткан оюн көргөзүштү.
Улуттук оюндарды көк бөрүсүз элестетүү кыйын. Бул спорттук иш-чарада дагы улакчылар бүйүр кызыткан оюн көргөзүштү.
© Sputnik / Табылды КадырбековМелдешке Ак-Талаа, Нарын, Жумгал, Ат-Башы, Кочкор райондорунан жана Нарын шаары менен талаа ээси Казыбек айылынан түзүлгөн жети команда катышты
Мелдешке Ак-Талаа, Нарын, Жумгал, Ат-Башы, Кочкор райондорунан жана Нарын шаары менен талаа ээси Казыбек айылынан түзүлгөн жети команда катышты
© Sputnik / Табылды КадырбековУлакты жаңы эле жерден эңип тай казанды көздөй бараткан көк бөрүчү
Улакты жаңы эле жерден эңип тай казанды көздөй бараткан көк бөрүчү
© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрүнүн баш байгесине Lada 2109 үлгүсүндөгү автоунаа, экинчи орунга тай, үчүнчүгө 10 миң сом ыйгарылды
Көк бөрүнүн баш байгесине Lada 2109 үлгүсүндөгү автоунаа, экинчи орунга тай, үчүнчүгө 10 миң сом ыйгарылды
© Sputnik / Табылды КадырбековУлак талашкан эрендер атын башкара албай, көрүп жаткан эл тарапка кирип кеткен учурлар да болду
Улак талашкан эрендер атын башкара албай, көрүп жаткан эл тарапка кирип кеткен учурлар да болду
© Sputnik / Табылды КадырбековУлакты тай казанга алып келип ыргытуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Ага да чоң чеберчилик талап кылынат.
Улакты тай казанга алып келип ыргытуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Ага да чоң чеберчилик талап кылынат.
© Sputnik / Табылды КадырбековФиналда Жумгал районунун командасы Ак-Талаанын улакчылары менен күч сынашып, 3:0 эсебинде жеңип алды
Финалда Жумгал районунун командасы Ак-Талаанын улакчылары менен күч сынашып, 3:0 эсебинде жеңип алды
© Sputnik / Табылды КадырбековОюндар Ат-Башы районунун Казыбек айылында өттү.
Оюндар Ат-Башы районунун Казыбек айылында өттү.