"Соккуга даярдык". НАТО Түндүк Македонияны кошуп алуудан эмне пайда көрөт

© AFP / SASA DJORDJEVICСербия аскер кызматкерлери. Архив
Сербия аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Черногориянын изи менен жакында НАТОго дагы бир балкан өлкөсү кошулганы турат. Түндүк Македониянын парламенти альянска кирүү боюнча документти ратификациялады. Учурда дүйнөдөгү ири делген аскерий блоктун 29 мүчөсү бар.

Европанын түштүк-чыгышындагы анча чоң эмес мамлекет альянсты күчтөнтө алабы жана анын куралдуу күчтөрү эмнеси менен айырмалана турганын РИА Новости даярдаган материалдан окуңуз.

Акча тартыштыгы

The Military Balance аталышындагы жылдык бюллетендин 2019-жылдагы маалыматына ылайык, Түндүк Македонияда сегиз миң аскер  бар. Армия 1992-жылы Югославия урагандан кийин түзүлгөн. Ал убакта булар курал-жарак менен начар камсыздалган аскер күчтөрү эле. Карамагында иштен чыгайын деп калган Т-34 үлгүсүндөгү төрт танк жана кошумча аткыч куралдары болгон. Анткен менен өкмөт НАТОго кирүүгө дароо багыт алган. Түндүк македониялык армия 1999-жылы альянска Сербияны бомбалоого көмөк көрсөткөн. Ошол эле жылы өлкө НАТОго мүчө болуу аракеттеринин планына кошулуп, куралдуу күчтөрдү реформалоого киришкен.

Аскердик машыгуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия КРге аба чабуулунан коргонуу каражаттарын эмнеге жайгаштырууда. Саресеп
Македониялыктар АКШ менен НАТОнун бир топ аскердик операцияларында союздаш болуп келген. 2002-жылдын август айынан бери республиканын 240 аскер кызматкери эл аралык коалициянын курамында Афганистандагы согушка катышкан. 2003-жылдын июлунан 2008-жылдын декабрына чейин анча чоң эмес контингент Ирактагы америкалыктарга жардам берген. Куралдуу күчтөрдү реформа кылуунун эң урунттуу учуру 2006-жылга туш келет. Анда Македония толугу менен жалпы аскердик милдетти жоюп, профессионалдуу келишимдик армияга өткөн.

The Military Balance 2019-жылы Түндүк Македония аскердик чыгымдарга 108 миллион доллардан ашыгыраак каражат коротконун жазган. Бюллетендин авторлору белгилегендей, өлкөнүн эл аралык аскердик операцияларга катышуусу логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткени менен согуштук техника паркынын абалы начар бойдон калууда. Ал жакта эскирген советтик аскер каражаттары басымдуулук кылат. Муну НАТО стандартына теңдөө азырынча оңой эмес.

Түндүк Македонияга аба чабуулунан коргонуу (АЧК) системасы менен ири аралыктагы танкка каршы системалар жетишпейт. Эксперттердин пикиринде, заманбап курал чыгарууга өлкөнүн чама-чаркы чектелүү, ал эми чет өлкөдөн сатып алууга да каражат жок.

Жупуну күчтөр

Түндүк Македониянын кургактагы аскерлери ыкчам аракеттеги күчтөрдөн, колдоо күчтөрүнөн жана стратегиялык резервден турат. Биринчиге эки жөө аскер бригадасы менен сооттолгон танк батальондору кирет. Колдоо күчтөрүнүн курамында артиллериялык полк, АЧК батальондору РХБК (радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо) ротасы, байланыш жана логистика батальону, инженер батальону, чалгындоо ротасы жана аскер полиция бар. Стратегиялык резервде жөө аскер бригадалары кызмат кылат.

Ливиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: Ливияда тынчтык орнотуунун башкы демилгечиси ким экенин Батыш жакшы билет
Танктык батальондо 1990-жылдары Болгария менен Украинадан сатып алынган Т-72А үлгүсүндөгү 30 танк бар. Жөө аскер карамагында БМП-2 үлгүсүндөгү 11 согуштук техника, сооттолгон 10  МТ-ЛБ, дагы 10 БРДМ-2 кайгуул унаасы, 70тей БТР-70 жана БТР-80 сооттранспортеру бар. Мындан тышкары, грециялык он Leonidas, америкалык 28 M113 жана немецтердин 84 TM-179 Hermelin сооттолгон автоунаасына ээлик кылат. Ошондой эле кургактагы аскерлерге 80дей "Хаммер" кызмат кылат. 2028-жылы Түндүк Македония советтик техниканын бир бөлүгүнөн арылып, АКШдан 56 заманбап БТР Stryker жана 96 JLTV үлгүсүндөгү брондолгон автоунааны сатып алууну ниеттенүүдө.

Кургактагы аскерлердин артиллериясынын карамагында жапырт от чыгарган "Град" үлгүсүндөгү 122 миллиметрлүү 12 орнотмо, 128 миллиметрлүү 12 РСЗО M-63 Plamen бар. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушта эле колдонулган америкалык M-56 үлгүсүндөгү 105 миллиметрлүү 14 гаубица (замбиректин бир түрү) жана М-30 үлгүсүндөгү советтик 56 гаубица бар. Мындан тышкары, 120 миллиметрлүү 39 советтик жана югославдык миномёт (мина менен атуучу замбирек сыяктанган курал) турат. Жогоруда айтылгандардын ичинен маанилүүсү деп Францияда чыгарылган танк чабуулуна каршы "Милан" системасын айтууга болот.

Аскер-аба күчтөрүнө болгону алты учак берилген. Алар советтик Ан-2 менен Z-242 үлгүсүндөгү  окуу-машыгууга ылайыкталган чехословакиялык беш самолет болуп саналат. Ага салыштырмалуу аскердик авиация олуттуурак куралданган: алты сокку уруучу Ми-24В жана Украина менен Elbit Израиль компаниясы тарабынан берилген аскер-транспорттук төрт Ми-17, ошондой эле эки америкалык көп максаттуу UH-1H Iroquois. Ал эми АЧК болсо "Стрела-10" үлгүсүндөгү сегиз советтик зениттик ракеталык комплекс, бир нече "Игла-1" көчмө зениттик ракеталык комплекс жана Bofors үлгүсүндөгү шведдик 40 миллиметрлүү 36 тез атар зениттик шайманга ээ.

Жээктеги күзөттүн аскерлери — Преспен суулуу аймагы менен Охрид көлүнүн аймагына көз салган аскер катерлеринин анча чоң эмес бөлүгү.

Чыгыш багыты

Америкалыктар Скопьенин НАТОго киришин толугу менен колдойт. Түндүк Атлантика альянсынын алдындагы АКШнын туруктуу өкүлү Кэй Бейли Хатчисон Түндүк Македония уюмга жайында кошула турганын жар салды.

Отправка американских военных в Афганистан - Sputnik Кыргызстан
Жаңы сокку: Жакынкы Чыгыштан АКШны сүрүп чыгарууга ким кызыкдар?
Буга каршы пикирин ноябрда эле Россия ТИМинин төртүнчү Европа департаментинин директору Юрий Пилипсон билдирген. Анын РИА Новостиге айтып бергенине караганда, НАТОну кеңейтүү ишенимдерди азайтып, Европадагы стабилдүүлүктү кетирип жана тирешүүнү күчөтүүдө. Дипломат белгилегендей, антироссиялык саясатка жаңы мамлекеттерди тартуу жана альянстын аскерий пландоосу континенттин коопсуздугуна оң таасирин тийгизбейт.

Албетте, бул жакта кеп Түндүк Македониянын куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу дагы эмес. Аз сандуу жана анча керек-жарак менен камсыздалбаган армия ансыз да күчтүү Түндүк Атлантика альянсын күчтөнтө албаса керек. Аскер эксперттери ишендиргендей, америкалыктарга Македониянын аскерлери менен танкалары эмес, чыгышка жакындоо үчүн өлкөнүн аймагы керек. Серепчи Константин Сивковдун айтымында, ал жакка орточо ыраактыктагы ракеталарды жайгаштыруу менен Россия тарапка сокку уруп, авиабаза менен ракетага каршы коргонуу системасын кыйратууга мүмкүн деген божомолдор бар. Ал эми америкалыктар үчүн Македониянын калкы —  болгону, жөн гана замбиректин жеми.

Жаңылыктар түрмөгү
0