Жаңы сокку: Жакынкы Чыгыштан АКШны сүрүп чыгарууга ким кызыкдар?

© AFP / JOHN MOOREОтправка американских военных в Афганистан
Отправка американских военных в Афганистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жуманын ичинде АКШнын Ирактагы төрт аскер базасына ракеталык соккулар жасалды. Sputnik агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко аймактагы америкалык коалициянын кандай күнгө тушукканына саресеп салган.

Бир жуманын ичинде АКШнын Ирактагы төрт аскер базасына ракеталык соккулар жасалды. Буга бир гана себеп болушу мүмкүн — америкалык коалициянын аймактан чыгып кетүүсү талап кылынууда.

АКШнын Ирактагы "Эт-Таджи" аскер базасына 14-январда дагы бир сокку урулган. Бул маалыматты америкалык коалиция штабынын өкүлү Майкл Кэггинс тастыктады. Америкалыктар Ирактын шииттер кошуунунан шектенип жатат. Анткени анын жетекчиси Абу Махди аль-Мухандис АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен жок кылынган генерал Касем Сулеймани менен кошо өлтүрүлгөн. Бирок ушу тапта соккуну ким жасады деген суроо маанилүү эмес. "Сулейманинин жолун жолдоочулар" аскер операциясынын жайылып бара жатканы таасын байкалууда.

АКШ — Иран чатагы: Вашингтон Жакынкы Чыгышта таасирин сактоого кантип аракеттенүүдө - Sputnik Кыргызстан
АКШ — Иран чатагы: Вашингтон Жакынкы Чыгышта таасирин сактоого кантип аракеттенүүдө
Буга чейин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун (ИРКК) аэрокосмостук күчтөрүнүн жетекчиси генерал Амир Али Хаджизаде аймактагы америкалык базаларга чабуул башталганын жар салып, Сулейманинин өлүмү үчүн АКШны Жакынкы Чыгыштан кууп чыгуу гана нак өч алуу болорун билдирген. 8-январдан 14-январга чейин ИРККнын соккусуна Ирактын ар кыл провинциясында жайгашкан АКШнын "Эрбиль", "Балад" жана "Айн-аль-Асад" аскер базалары тушукту.

Вашингтон аскери жайгашкан Афганистан — Ирак — Сирия коридорундагы абал өтө кооптуу жана татаал болуп калганын жакшы түшүнүп турат. Ошондуктан төрт сокку тең дээрлик жоопсуз калды. Мындай катаал шартта АКШ дипломатиялык жолду тандап алгандай, буга Катардын эмири Тамим бин Хамад аль-Танинин Тегеранга айтпай-дебей эле барып калганы ачык далил.

Жооп иретиндеги чаралар

Иран президенти Хасан Роухани 13-январь күнү парламенттин Пентагонду жана аны менен байланышы бар структураларды террордук уюм деп тааныган мыйзам долбоорун колдоду. Бул балким Вашингтонго берилген аскерий-саясий эскертүүдүр (согушту эч ким каалабайт). Бирок Роухани тарабынан кол коюлган, 238 депутаттын 228и макул болгон бул мыйзам Ирандын куралдуу күчтөрүнө АКШ армиясына кайсы жерде болбосун сокку урууга жол ачат. Ага башка кандайдыр бир укуктук себептин зарылдыгы жок болот. Америкалык коалицияга каршы багытталган аскерий операциянын чоо-жайы ачыктала элек. Пикир келишпестиктерден улам АКШ менен Ирандын ортосунда ири масштабдуу согуш оту жанып кетет деген кооптуулук дале күчүндө. Ал эми эки өлкөнүн кургактагы жана Перс булуңундагы бири-бирине көрсөтө турган ыдыгы тууралуу айтпай тек туралы.

Здание штаб-квартиры Министерства обороны США в Вашингтоне. - Sputnik Кыргызстан
Пентагонду "эсине келтирүү". Иран АКШнын аскерий алсыздыгын ачыктады
Экинчи жагынан Ирактын парламенти 5-январда өткөн чукул жыйынында өкмөттү өлкө аймагында чет элдик аскерий күчтөрдүн жайгашуусуна чекит коюуну милдеттендирген резолюция кабыл алды. Америка президенти Дональд Трамп буга катаал санкцияларды киргизе турганын айтып жооп берди. Эгер Багдад Американын Куралдуу күчтөрүн өлкө аймагынан чыгаруу боюнча акыркы чечимин кабыл ала турган болсо, АКШ Ирактын эсепте сакталган ондогон миллиард долларын тоңдуруп, аскерий жардамды кыскартам деп коркутууда.

Тарых таразасы олку-солку болуп турган учур. Пентагон менен коалиция моралдык жактан Жакынкы Чыгыштан чыгып кетүүгө даяр, анткени атаандаш оңой эмес экенин көрдү. Иран сокку уруучу комплекси, анын ичинде 1350 чакырымга дейре бара турган "Ховейзе" канаттуу ракетасы бар жакшы өнүккөн өлкө. Ал эми америкалык коалициянын Иракта абадан урулган соккудан коргонуучу системасы жок. 8-январда жасалган алгачкы сокку эле АКШ менен коалициянын аскер базалары канчалык алсыз экенин көрсөтүп койду (Ирандын орточо аралыкка учкан ракеталары 2500 чакырым аралыктагы бутага таамай тиет). Мындай шартта Пентагон болгону чалгын кызматынын техникалык каражатына жана каршылашып жаткан өлкөдө туруп маалымат берген адамдарына гана ишене алат. Алардын деле коопсуздукту кепилдей алары күмөн.

Ким күчтүү?

Жакынкы Чыгыш аймагынан тыш АКШ менен Ирандын Куралдуу күчтөрүн салыштырып болбойт. Бирок аталган региондо Ирандын өз жеринде экени күчтөрдү теңдештирип коет.

Аскердик күч-кубат боюнча түзүлгөн Global Firepower эл аралык рейтингинде батыш аналитиктери Иранды 14-орунга койгон. Бул Пакистан, Изариль, Түндүк Кореядан жогору турган сап. Тегеранга карата жасалган ачык агрессиянын кесепети оор болуп, америкалык коалицияны жана аймактык өнөктөштөрүн ири жоготууларга дуушар кылышы мүмкүн. Ирандын да тилектештери бар экенин эстен чыгарбоо зарыл.

К чему могут привести большие конфликты на Ближнем Востоке — мнение Путина. Видео - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө жүзү жабыркайт. Путин Жакынкы Чыгыштагы тиреш тууралуу
Өлкөнүн жогорку жетекчиси аятолла Сейид Али Хаменеи 12-январда аймактагы кырдаал Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин өз ара тыгыз байланышта болушун талап кыларын айтты. Генерал Сулейманинин өлүмүнөн кийин Иранда Ирактын шиит "Элдик мобилизация күчтөрүнүн" командирлери жолуккан. Шииттердин биримдигин жана каармандыгын эске албай коюунун арты жаман болот. Буга Ирактын чыныгы эгемендүүлүккө умтулуусу ачык далил: Тегеран Россиядан "Триумф" деп аталган С-400 комплекстерин сатып алды.

Түркиянын Россия менен биргеликте ишке ашырган коргонуучу курулушу да АКШнын өнөктөштөрүнө карата таасиринин чектелүү экенин көрсөтүп койду. Телегейи тегиз курал-жарак системасы, өнөктөш, союздаш деген болбойт. Бүгүн Жакынкы Чыгышта геосаясий баалуулуктарды кайра карап чыгуу процесси жүрүп жатат. Мындан улам АКШнын "өзү баштанган" Иракка карата иштеп чыккан санкциялары жүзөгө ашпай калышы толук ыктымал. Мындай көрүнүш буга чейин деле болуп келген.

Иранга келсек. Албетте, учурдагы абалды АКШ менен Түндүк Кореянын тирешүүсү сыяктуу тез арада чечип ийүү мүмкүн эмес. Буга аятолла Хаменеинин өзөктүк куралга тыюу салган фетвасы себеп. Ошондон бери Тегеран расмий позициясын өзгөртө элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0