Эксперт: Ливияда тынчтык орнотуунун башкы демилгечиси ким экенин Батыш жакшы билет

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүЛивиянын аскер кызматкерлери. Архив
Ливиянын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2011-жылы АКШ менен НАТО башында турган эл аралык коалиция Ливияда операция жүргүзгөн. Натыйжада Муамар Каддафи өлтүрүлүп, 40 жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан режим кулаган.

Берлинде Ливиядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эл аралык тынчтык конференциясы өттү. Сүйлөшүүгө Россия, Германия, Франция лидерлери менен БУУнун баш катчысынан тышкары Улуу Британия, Египет, Түркия жетекчилери, Еврокомиссиянын жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лавров: Ливиянын мамлекеттүүлүгүн НАТО жок кылды
Иш-чарада Ливиядагы гуманитардык маселелердин чечилишин шарттаган документ кабыл алынды. Мындан тышкары, элдешүүнү камсыздай турган аскер комитетин түзүү чечими кабыл алынган.

Sputnik радиосунун эфиринде Аскердик-саясий журналистика борборунун эксперти Владимир Орлов Батыш Россиянын Ливияда тынчтык орнотууга жумшаган күч-аракетин баалайт деген пикирин айтты.

"Чынында бүгүнкү күндө Россия Ливияда тынчтык орнотуу процессиндеги негизги оюнчулардын бири болуп калды. АКШнын батыш коалициясы менен кан төгүлүп, жарандык согуштун башталышын шарттаган башаламандыгынан кийин Россия чырдын ар кыл саясий жана аскерий тараптарын ийри отуруп түз кеңешүүгө отургузууга жетишти. Москва менен Берлинде өткөн конференциялар Россия бүгүнкү күндө тынчтык орнотуу процессинин негизги демилгечиси экенин көрсөттү. Жалпы жонунан Россия буга чейин Батыш жасоого умтулбаган, АКШ каршы туруп келген нерсени ишке ашырып, Ливиядагы каршылашкан тараптарды сүйлөштүрдү", — деди Орлов.

Берлин конференциясы Россия менен Түркия өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн Москвадагы сүйлөшүүдөн кийин болду. Ливиялык маалымат булак өлкөнүн улуттук армиясынын башчысы маршал Халифа Хафтар Москвада Фаиз Саррадж башында турган Триполь өкмөтү менен элдешүү боюнча макулдашууга кол койбой кетип калганын белгилеген. ЖМКлардын кийинчерээк берген маалыматы боюнча, Хафтар бир катар шарт коюп, элдешүүгө даяр экенин билдиргени айтылды.

Ал Россия президенти Владимир Путинге кат жазып, өлкө аймагында тынчтык орнотуу боюнча жасаган аракеттери үчүн ыраазычылык билдирген.

Ливиядагы кырдаал

2011-жылы АКШ менен НАТО башында турган эл аралык коалиция Ливияда операция жүргүзгөн. Натыйжада Муамар Каддафи өлтүрүлүп, 40 жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан режим кулаган.

Брифинг официального представителя МИД России М. Захаровой - Sputnik Кыргызстан
Захарова АКШ менен Россиянын мамилесине эмне бөгөт болуп жатканын айтты
Ошондон кийин өлкөдө кризис башталган. Чыгышта жайгашкан Тобрук шаарында эл шайлаган парламент жыйын өткөрөт. Аны Хафтар башында турган улуттук армия колдоп келет. Ал эми батыш тарабындагы Триполи шаарында БУУ менен Евробиримдиктин колдоосу менен түзүлгөн өкмөт иштейт. Аны Файез Саррадж башкарат.

Кош бийлик жана коопсуздук системасындагы кыйроолор куралданган көтөрүлүшчүлөр менен террордук уюмдардын активдүүлүгүн арттырды. Борборлоштурулган бийликтин жана бирдиктүү армиянын жогунан Ливия контрабанданын чордонуна, Африкадан Европага мыйзамсыз агылган мигранттар үчүн өткөрүүчү жайга айланып калды.

2019-жылдын 4-апрелинде Хафтар "террорчулардан бошотуу" үчүн Триполиге чабуул жасайт. Ал эми өкмөткө караштуу куралдуу түзүлүштөр жооп кайтарышкан. Натыйжада бир нече ай ичинде жүздөгөн киши каза таап, миңдеген адам жарадар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0