"Мейман виза", "тууган виза". КРде чет элдиктер үчүн жаңы шарттар киргизилди

© Sputnik / Александр Имедашвили / Медиабанкка өтүүКонсульский отдел посольства России в Грузии
Консульский отдел посольства России в Грузии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Тышкы саясий ведомствосу виза боюнча киргизилген жаңычылдыктар өлкөгө туристтердин келишин жеңилдетет деген ойдо.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандын ТИМи өлкөгө келе турган чет эликтерге жаңы визаларды берип баштарын кабарлады.

Маалыматта мындан улам өлкөгө кире турган чет элдиктердин виза алышы жеңилдей турганы айтылат. Андан сырткары, "Электрондук виза" компоненти да өркүндөтүлүп жатат.

Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук иштер департаментинин директорунун орун басары Бактияр Шакиров - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шакиров: туристтер үйдөн чыкпастан беш күндүн ичинде виза алса болот
Алар "Тоо туризми визасы" (Mounting tourism visa), "Туугандар визасы" (Relatives visa), "Мекен визасы" (Meken visa) жана "Мейман визасы" (Guest visa) деген төрт визаны ойлоп табышкан. Негизинен басым туризмге жана инвестиция тартууга жасалган.

Тоо туризми боюнча келгендер үч айлык визаны дароо бир нече жолу кирип-чыгуу үчүн алат.

Андан кийин КРдин мурдагы жарандары жана этникалык кыргыздардын шарт-жагдайы да эске алынган визалар киргизилген.

"Туугандар визасын" — дароо эле бир жылга алса болот. Жогорrу шарт-жагдайдан тышкары кыргызстандык жаранга үйлөнгөн же турмушка чыккан адамдар, тагыраагы, кудалар үчүн да каралган. Кыргызстанга келген жаңы жарандын туугандары да бир жылга алса болот.

"Мекен виза" да бир жылга каралган, этникалык кыргыздар акча төлөбөйт. Бул шарт КРде же Кыргыз ССРинде туулуп, мекенге келүүгө ниеттенгендер үчүн дагы жарайт. Айтмакчы, виза "кайрылман" макамын алып же дайымкы жашоого уруксат алган документке ээ болууга мүмкүнчүлүк түзөт.

"Мейман виза" кыргызстандыктар менен туугандык же кудалык байланышы жокторго берилет. Кыргызстандыктардын аларды конокко чакырган жөн гана досторуна же биздин өлкөгө дарыланууга келгендерге арналган.

Вена шаары, Австрия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эскертебиз! Австрияга виза Бишкектен да бериле баштады
ТИМден бул документтердин өзгөчөлүгү аны кыска мөөнөткө жана (бир айдан үч айга чейин) жана узакка (үч айдан бир жылга) "Электрондук виза" системасы менен алынышы экендигин белгилеген. Андан сырткары, КРдин чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнө да кайрылууга болот.

Эске сала кетсек, буга чейин чет элдик жарандар электрондук визага кирип, реквизиттерин толтуруп, банк карточкасы аркылуу төлөмдөрүн төлөп эле электрондук дарегине беш күндүн ичинде виза ала тургандай шарт түзүлгөнү айтылган.

Бул үчүн өкмөттүк сайтына кирип, карап алса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0