https://sputnik.kg/20200114/ysyk-kol-zhol-kyrsygy-olum-1046761312.html
Эки киши өрттөнүп кетти. Ысык-Көлдөгү үрөй учурган кырсыктын видеосу
Эки киши өрттөнүп кетти. Ысык-Көлдөгү үрөй учурган кырсыктын видеосу
Sputnik Кыргызстан
Милицияга кабар саат 2.30да түшкөн. Кырсык Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 51-чакырымында, тагыраагы, Чок-Тал айылында болгон. 14.01.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-01-14T12:13+0600
2020-01-14T12:13+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104676/11/1046761186_0:17:1000:583_1920x0_80_0_0_d16e03aa88e016cb4c909a02109234e4.jpg
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104676/11/1046761186_0:0:1000:628_1920x0_80_0_0_a5d2f75ccda06b1ede311ae06022dd41.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, ысык-көл, 2020-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, ысык-көл, 2020-жылдын башынан бери кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Эки киши өрттөнүп кетти. Ысык-Көлдөгү үрөй учурган кырсыктын видеосу
12:13 14.01.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Милицияга кабар саат 2.30да түшкөн. Кырсык Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 51-чакырымында, тагыраагы, Чок-Тал айылында болгон.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. 14-январга караган түнү Ысык-Көлдө КамАЗ жана МАN жүк ташуучу унаалары кагышып, жыйынтыгында эки адам каза тапты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Ал эми каргашаныны видеосу Telegram-каналынын "Короче" тайпасына жүктөлдү.
Укук коргоо органдарына кабар саат 2.30да түшкөн.
Кырсык Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 51-чакырымында, тагыраагы, Чок-Тал айылында болгон.
Чыгыштан батышты көздөй бара жаткан КамАЗ бет маңдай келе жаткан МАN менен сүзүшүп, кесепетинде автолор өрттөнө баштаган.
"Жеринде КамАЗдын 37 жаштагы айдоочусу жана 41 жаштагы жүргүнчү каза болду. Ал эми экинчи унаанын 31 жаштагы айдоочусу жана 18 жаштагы жүргүнчүсү жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды.