1-1,5 жыл мурда Германия канцлери Ангела Меркель менен Россия президенти Владимир Путин көбүнесе Украина боюнча сүйлөшүп келген. Кошуундун аракеттерин токтотуу керек эле, кээде канцлер Укранинанын кезектеги каалоосун ишке ашырууга жан үрөгөнү маалым. "Түндүк агым — 2" долбооруна да Украинанын кызыкчылыгын сактоо менен көңүл буруу керек болгон. Айтор, бул жааттагы маселе көп эле.
Эл аралык саясатта өзүн өтө эле этият алып жүргөн, көндүм форматты бузбоого аракет кылып келген Германия бул ирет өз демилгеси менен салтка айланып калган күн тартибиндеги темаларды өзгөртүп жиберди. Россия го эбактан бери эле Германия менен кеңешип оокат кылууга каршы эмес болчу. Москва кокусунан каршылаштардын катарында туруп, андан жапа чеккен Берлинди дайым тилектеш, союздаш катары кабылдап келген.
Жасалма душмандашуу
XIX кылымдын аягынан тарта Россия менен Германиянын мамилеси башка өңүттө өнүгүп келди. Англосакстардын чагымчылыгы менен жүзөгө ашкан эки ири державанын каршылашуусу ич ара чыр-чатакта Россия менен Германиянын алсыроосун, эки өлкөнүн ресурсун ар кимдин өз пайдасы үчүн бөлүп алуусун шарттаган. Экономиканын, өнөр жайдын өсүүсү, технологиялык өнүгүүдөн кадам алдыда болгон эки элдин аң-сезими боюнча Россия менен Германия ХХ кылымдын биринчи жарымында эле дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдөн болушу керек эле. Бирок англо-саксондук интригалардан улам дүйнөлүк согуштарда эки мамлекет бири-бири менен согушууга мажбур болду.
Акыркы жолугушууда эки лидер Жакынкы Чыгыштагы абал менен "Түндүк агым — 2" газ түтүгүнүн курулушун талкуулашты. Мөөнөтүнөн кечиксе да түтүк салынып бүтмөй болду. Путиндин болжолунда, курулуш ушул жылдын аягында же келерки жылдын башында соңуна чыгат. Бул тууралуу айтып жатып экөө тең беделин, кадыр-баркын тобокелге салышты. Демек курулуш бүтөрү шексиз.
Жалпылык жакындатат
Жалпы көйгөйлөр, башкача айтканда, аларды жалпы чечүү мамлекеттерди жакындатат.
Эки өлкөнүн объективдүү кызыкчыктары жалпы маселелерди чечүү үчүн саясий-экономикалык биримдикти түзүүнү талап кылат. Ал эми НАТО жана Евробиримдиктин айланасындагы көйгөйлөрдү эске алсак, Берлин мындай биримдиктин түзүлүшүн колдойт эле болуш керек.
Менимче, Европа саясатынын көңүлү Чыгышка бурулуп жаткандай, мындан улам жаңыдан түзүлө баштаган Берлин — Москва — Пекин биримдигине Париж менен Рим да кошулуу ниетин билдиришти.
СССРдин кыйроосунан кийин Европада заман талабына ылайык таасир этүүчү чөйрөнү бөлүштүрүү башталды. Эми талаптар кайрадан өзгөрүүдө. Тарых кемесине кечиккендер бармагын тиштеп гана отуруп калчудай.
Автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбеши мүмкүн.