Россия менен Түркиянын жетекчилери Сербия президенти менен Болгариянын премьер-министринин катышуусунда "Түрк агымын" расмий ишке беришти.
Ал күндөгү башка жагдайларды (АКШ базасынын ракеталык чабуулга кабылышы, Ирандагы авиакырсык) жана Жакынкы Чыгыштагы абалга дүйнөлүк коомчулуктун тынчсыздануусун эске алганда аталган иш-чара көз жаздымда кала турганы шексиз болчу. Көп деле көңүл буруунун кажети жок сыяктуу пландалган. Бирок салтанат Россиянын региондо эле эмес, жалпы дүйнөлүк аренадагы жаңы ордун белгилеп көрсөткөн символ болуп калды.
Азыраак убакыт мурун "Түрк агымынын" ишке берилишине багытталган аналитиканын лейтмотиви да белгилүү болчу: Россия жолундагы бардык кыйынчылык менен тоскоолдуктарга карабастан кайрадан коюлган максатына жетти!
Россия көп убакыт бою Батыш тарабынан дүйнөлүк системаны бүлгүнгө учураткан, калыптанып калган тартипке кооптуулук жараткан "тентек" катары кабылданып келген. Бул айыпта эки кылтак бар эле. Бир жагынан азыркы система болгон-бүткөн системанын мыктысы деген пикир бар. Анткени анын башында демократия, адам укугу жана эркиндиги дегенде ичкен ашын жерге койгон Батыш турат. Экинчи жагынан системанын кандай гана кемчилиги болбосун, Москва сунуштаган же түртмөлөгөн башаламандыктан алда канча жогору деген көндүм ой бар эле. Дал ушул жүйө көптөр үчүн ынанымдуу болчу.
2010-жылдардын орто ченинде Батыштын түзүп, түптөп койгон тартиби анчейин экени белгилүү боло баштады. Кризистик, деградациялык процесстер айгине болуп калган, ал эми каршылыгын билдирген тигил же бул мамлекеттердин жаагын жап кылмай аракети күчөдү. Буга 2015-жылдагы европалык миграциялык каатчылык ачык далил. Жалпы жонунан "тартиптин таптакыр жоктугунан көрө жаманы болсо да болсунчу" деген эреже туура болчу, мындан улам Россиянын кадамдары көптөрдү, ошол эле дүйнөлүк элитаны анча жактыра бербегендерди да бушайманга салды.
Бирок ансыз да тарпы чыккан системаны ого бетер олку-солку кылууга аракеттенген Россия чынында жаңы системанын негизин түзүп жаткан эле.
Эл аралык аренада дээрлик бардык тармакта чыңалуу күч алып турат, кечээ эле бир казандан аш жегендердин ортосунда пикир келишпестиктер жаралды. Жакынкы Чыгыштагы абал болуп көрбөгөндөй курчуду, мунун кесепети аймактагы дээрлик бардык мамлекетке тиери турган иш. Германия, Словакия жана Хорватия Ирактагы аскерлерин чыгарып кетип жатат, тизме дагы уланат сыяктуу. Ормуз булуңу аркылуу кемелердин транзити токтоду. Авиакомпаниялардын көбү, анын ичинде "Аэрофлот" да бар, Ирандын үстүнөн учуусун убактылуу чектеди. Мен экспертмин дегендин баары үчүнчү дүйнөлүк согуштун коңгуроосун кагып жатат. Нефть менен алтын кымбаттоодо.
Ушундай абалда Владимир Путин бир нече ай мурун пландаштырылгандай эле Стамбулга учуп келип, "Түрк агымын" ачты. Дүйнө кайнап жаткан маалда Россия тышкы фактор буза албаган пландуу аракеттин үлгүсүн көрсөттү. Таасири да күч, мындан улам башка учурда будуң-чаң түшүп кала турган державалар да анын жанында сыр бербей токтоо, тынч турушту. Бул болбогон нерсе үчүн Москвага таарынып, калемпир-мурчу аралаш билдирүүлөрдү жасай берчү Түркияга да тийиштүү (акыркы нааразылыгы Ливия боюнча эле).
"Түрк агымынын" ачылышында Путин жөн жеринен Россия менен Түркия "эки элдин, Европа, жалпы дүйнө элдеринин бакубат жашоосуна багытталган кызматташуунун үлгүсүн көрсөтүп жатканын" айткан жок. Президенттин бул сөзүн чакырык катары кабыл алчулар Жакынкы Чыгыштан да, башка жактан да чыгат. Ал эми дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар Путиндин айтканын ишке ашырууга түрткү болушу мүмкүн. Анткени Москва кандай гана оор, татаал жагдай болбосун, айтканын аткара турганын бир нече ирет далилдеген. Бул жаатта азырынча атаандашы да жок.
"Түрк агымынын" ачылышы буга дагы бир далил болду.