00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Закон о ВИЭ меняется: чьи интересы будут учтены - КР или инвесторов?
08:04
42 мин
Ежедневные новости
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Көчөттөрдүн импорту жана экспорту: ЕАЭБде фитосанитардык көзөмөл күчөтүлүүдө
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окумуштуулар министрликке карагананы эрозияга учураган жерлерге көчүрүп, төө багууну сунушташты
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Азаматтар кулаганда бийиктен, аял керек мээр чөбүн ийиткен. Эрнис Турсуновдун нускасы

© Улан АсаналиевАкын, драматург Эрнис Турсунов. Архив
Акын, драматург Эрнис Турсунов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет акын Эрнис Турсуновдун учкул кептерин сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Эрнис Турсунов 1935-жылы 24-августта Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку билимди Москвадагы Михаил Ломоносов атындагы университеттен жана Кыргыз мамлекеттик окуу жайынан алган.

Окуусун аяктагандан кийин кыргыз театрларынын репертуарлары боюнча башкы редактор, "Кыргызфильм" киностудиясында сценарий бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, Тажикстан жана Кыргызстандын мектептеринде орус, кыргыз тилдеринен мугалим болуп эмгектенген. Мындан тышкары, "Мектеп" басмаканасында, "Ала-Тоо" журналында редактор болуп, Кыргыз телерадиокомитетинде, Кыргыз академиялык драма театрында да жетекчилик кызматтарды аркалаган.

"Ай чырайлуу кыздар", "Чындык ийилет, бирок сынбайт", "Эрки күчтүүлөр", "Замандаш", "Баш мээси менен", "Байтик баатыр" драмаларынын автору. Ал орус жана чет элдик акын-жазуучулардын да бир топ чыгармаларын кыргызчалаган.

Ошондой эле Куран менен Библияны биринчилерден болуп кыргызчага которгон. Эрнис Турсунов 2014-жылы 79 жашында көз жумган.

Эрнис Турсуновдун кеп казынасы:

Тузун таттым, музун таттым турмуштун,

Турмушта көп жыгылганды тургуздум.

Айкөл бабам таш урганга аш урган:
А биз ошол — урпактары кыргыздын!

Ай көрүнөт арасынан жылдыздын,

Ашыгы биз — ай сыяктуу миң кыздын.

Асылкечти ат жалында ала кач,

Аттай учат жигиттери кыргыздын!

Чамда, досум, даңканыңан чаң чыксын,

Чыгаар болсо — ат жалында жан чыксын!

***

Азаматтар кулаганда бийиктен,

Аял керек мээр чөбүн ийиткен.

Босогодон узаган жок — ыраак жол.

Боорукер бол, алганыңа ынак бол!

Оору кыйнап, уйку качкан түндөрдө,

Оор кырсык тооруп турган күндөрдө.

Жан асылкеч, жаралууга берип кол,

Жабырына, сабырына шерик бол!

***

Бууга буулар, сууга суулар кошулуп,

Булут болот, дайра болот созулуп.

Бууракандуу агымдардан алынган,

Бул турмуштун кайрыктарын, досум, ук!

***

"Азыркы балдардын өздөрүнүн башкача проблемалары бар. Азыркы балдарды "люди без крыльев" — "канат-бутагы жок балдар" дейт. Ата-энеси бар, бирок канат-бутагы жок. Чымындын канатын жулуп койсо, уча албай жүрө берет го, булар так эле ушундай. Буларда сүйүү, адамга адамдык мамиле кылуу, Ата Мекенге кызмат кылуу деген барган сайын болбой баратат. Эгоизм кан, жанына кирип алды. Компьютер, интернет келгени ар ким өзү менен өзү. Жигиттер кыздарды баягы союз кезиндеги жигиттердей сүйбөйт. Биологиялык жактан гана керек учурда катышат, болбосо жок.

(Журналист Сымбат Максутова жаздырып алган Эрнис Турсуновдун ойлорунан)

***

Гармония болмоюнча сүйүүдө өксүк кала берет

***

Ден соолук менен тирүүлүктүн өзү — бакыт.

Жаңылыктар түрмөгү
0