ӨКМ коюу туман каптап келе жаткандыгы тууралуу билдирүү тараткан. Ал борбор калаага саат 18.30дар чамасында түштү. Ал эми Чүй облусунун айрым жерлеринде бир нече метрден ары эч нерсе көрүнбөй калды. Мунун айынан бир нече авиакаттам кармалып турду.
Синоптиктердин айтымында, мындай туман 10-декабрга чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына түшөрү күтүлүп жатат.

7-декабрь күнү Бишкекти коюу туман каптады

Туман каптап келе жаткандыгы тууралуу ӨКМдин билдирүүсүн укпай калгандар үчүн бул нерсе күтүүсүз болду

Адатта түн бир оокумда же таңга маал түшчү туман бул жолу кечинде каптап калды

18.30дар чамасында башталган туман үч саатка жакын тараган жок

Туманга карабай көчөлөрдө сейилдеген адамдар көп болду

Улуттук филармониянын жанындагы балаты

Айдоочулар бир топ кыйналышты

Мэрия менен Улуттук банктын имараттары

Чүй облусунун айрым жерлеринде бир нече метрден ары эч нерсе көрүнбөй калды

Жаш гвардиядагы көрүнүш

Кыш, туман, көчө, сейилдегендер...

Синоптиктердин айтымында, мындай туман 10-декабрга чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына түшөрү күтүлүп жатат
