2019-жылдын 21-ноябрында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев "Балдарды асырап алуу чөйрөсүндө өкмөттүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомго кол койгон. Анын ичинде "Балдарды КР жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга берүү тартиби" жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилген.
Ага ылайык, эми бала асырап алуу мурдагыга караганда кыйла жеңил болуп каларын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөнү, балдарды колдоо жана мамлекеттик төлөмдөр бөлүмүнүн башчысы Самаган Асанов билдирди.
Адис өзгөртүлгөн жобого таянып, бала асырап алуунун тартибин түшүндүрүп берди.
Бала багып алуу үчүн кандай документтер керек?
Буга чейин бала асырап алуу үчүн тогуз документ керек болчу. Бирок азыркы учурда мамлекеттик органдардын көбү базасын электрондоштуруп жаткандыктан төрт гана документ керектелет. Алар:
- арыз ээсинин ден соолугунун абалы жөнүндө, анын ичинде баңгилик (токсиндик), алкоголдук көз карандылыгы жана психикалык оорусу жоктугу тууралуу медициналык корутунду;
- иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;
- өмүр баяны;
- иштеген жеринен эмгек акысынын көлөмүн так көрсөткөн маалымдама.
Жогорудагы документтер башка мамлекеттик органдардын базасында бар. Бала асырап алууну каалаган адам арыз жазары менен бул документтер автоматтык түрдө чыгып калат.
Бала асырап алууну каалаган жаран алгач кайда кайрылат?
1. Бала асырап алууну каалаган жаран "Түндүк" мамлекеттик порталына кирип электрондук арыз жазат. Кааласа Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин райондук башкармалыгына да кайрылса болот. Электрондук арыз жазып, катталган соң ал жактан тиешелүү башкармалыкты көрсөтөт.
2. Арыз ээси төрт документти алып, көрсөтүлгөн башкармалыкка барат. 14 күндүн ичинде соцкызматкерлер кайрылган адамдын жашоо шартын текшерет. Эгер баары жакшы болсо, ага корутунду жазып берет.
3. Бул корутундуну алгандан кийин арыз ээси автоматтык түрдө базага талапкер болуп катталат. Ал базада багууга бериле турган бөбөктөр тууралуу маалымат чогултулган. Тизмедеги балдардын анкетасы менен таанышып, өз ылайыгына жараша бала издей баштайт. Белгилей кете турчу жагдай, базада балдардын жаш курагы, жынысы жана улуту гана көрсөтүлөт. Талапкер болуп катталгандан кийин арыз ээси тандаган баласын медициналык текшертүүдөн өткөрүп алууга укуктуу.
5. Ал документ менен арыз ээси сотко барып, баланы асырап алуу боюнча соттун чечимин алат.
Багып алган баланын аты-жөнүн өзгөртүп алса болобу?
Эгер бөбөк 10 жашка чыга элек болсо, аны асырап алгандан кийин аты-жөнүн өзгөртүү боюнча өзүнчө сотко кайрылып, чечим чыгартып алат. Эгер 10 жаштан өткөн баланы асырап алса, анда анын аты-жөнүн өзгөртүү үчүн баланын макулдугу керек.
Чет элдик жарандар менен КР жарандарына бала багып алуу шарт-талабы бирдей элеби?
Алгач базадагы балдарды КР жарандары тандайт. Эгер үч айдын ичинде баланы кыргызстандыктар багып албаса, анда чет өлкөнүн жарандарына берилет.
Асырап алууга кандай балдар берилет?
Балдар үйүндөгү чүрпөлөр берилет. Көбүнчө ата-энеси каза болуп калган, ата-энелик укуктан ажыратылгандардын кыз-уулдарын, ошондой эле кээ биринин ата-энеси таптакыр дайынсыз болуп кеткендерди асыроого болот.
Бала багып алуунун жеңилдетилген тартиби качан иштеп баштайт?
Азыркы тапта асырап алууга берилчү канча бала бар?
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин базасында бүгүнкү күндө асырап алууга ар кайсы курактагы 250дөй бала бар. Ал эми "бала багып алам" деген 300дөн ашык КР жараны кезекте турат. Кыргызстандыктар көп учурда жаңы төрөлгөн, төрт жашка чейинки наристелерди сурайт. Асырап алууга берилүүчү бөбөктөрдүн арасында ден соолугунан майыптыгы барлар да кездешет. Быйылкы жылы жети бөбөктү чет мамлекеттин жарандары асырап алса, кыргызстандыктарга асыроого 505 бөбөк берилген.
Кароосуз калган балдарды убактылуу караган фостердик үй-бүлөлөр дагы бар. Бул кызматы үчүн алар мамлекеттен айлык алат. Эгер кароосуз калган балдарды убактылуу карап, багып берем деп пландап жүрсөңүз, жол-жобосун Sputnik даярдаган материалдан окуп чыгыңыз.