Журналист Чынара Токонова каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист Чынара Токонова. Архив
Журналист Чынара Токонова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токонова 1982-жылы Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган. 2000-жылдардын башынан бери кыргыз телерадио тармагында эмгектенип келген.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Журналист Чынара Токонова 37 жаш курагында оорудан улам көз жумду. Маалыматты маркумдун жакындары тастыктады.

"Чынара экинчи ирет инсульт илдетине кабылып, ооруканага жеткирилген. Бүгүн, 4-ноябрь күнү, каза болду", — дешти жакындары.

Токонова кыргыз телерадиосунда 2000-жылдардын башынан бери эмгектенип келген. Алгач КТРКнын "Жаш толкун" радиосунда иштеген. Кийин НТС каналында, "Санжыра" радиосунда, Булан институтунда эмгектенген. Акыркы кездерде 5-каналда "5-элемент" автордук программасын даярдап жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0